Ооган эл жомогу: Капчык

Бир сараң киши ичинде жүз алтын тыйыны бар капчыгын жоготуп алыптыр. Канча издесе да, кайгырса да байлыгын таба албай, акыры: “Кимде ким менин ичинде жүз алтын тыйыны бар капчыгымды таап кайрып берсе, ага мен сыйлык катары он алтын тыйын берем”. Ушундан соң капчыкты бир жакшы киши таап алып, аны сараң ээсине кайрып берип: — Менин он алтын тыйын сыйлыгымды  бер,- деп талап кылыптыр. — Бул капчыкта жүз он алтын тыйын бар болучу, азыр карасам жүзү эле калыптыр, демек, аны мага […]

Президенттик таймашка чыгар талапкер жөнүндө сөз

«Тоо ылдый шарылдаган агын суулардын чоңу да, кичинеси да бирине-бири жийиркенбей кошулган үчүн улуу дайра, улуу өзөнгө айланат». Мо-цзы Кырк чороң барбы, кыргыз? Ушундай рубрика баштайла дедик, окурман. Быйылкы президенттик шайлоо алдында саясый ат салышка чыккан талапкерлердин ар бири туурасында жамы журтка калыс пикир үчүн кимиси ким экенин карапайым элге таанытып, байыркы кытай даанышманы Мо-цзынын: «Тоо ылдый шарылдаган агын суулардын чоңу да, кичинеси да бирине-бири жийиркенбей кошулган үчүн улуу дайра, улуу өзөнгө айланат» деген насыйкаты туурасында бекеринен кеп баштаганыбыз жок. […]