Мамат Раимжанов: Соцреализмдин акыркысы же үмүттүн үлбүлдөгөн көрөңгөсү

АҢГЕМЕ Желе-жортуп келаткан адамдын өңү-түсү коркунучтуу: көздөрү кызарып, керсары өңү түнкү шамалдан, жаздын алгачкы күнүнөн тарта эле ачуу тийген күндөн ала темгилденип, кыштан бери алынбаган сакал-муруту түктөйүп, башындагы спорттук жүн калпагынан чыккан чачтары уйгу-туйгу. Канчалык коркунучтуу, ары кунарсыз көрүнгөнү менен кызарган көздөрү кандайдыр бир муңайым эле. Ал кызарган көздөр кыжырданууга чылк чөксө да, ошол эле кезде алардан жан далбастаган айласыздыктын учкуну жанып турган. Буга чейин ал мындай жүрчү эмес. Калдайган тоолордун арасында өзүнөн бөлөк адам аттуу жок экенин билчү; сансыз […]