Жан дүйнөңдү козгогон кыска аңгемелер

Чыныгы таланты бар жазуучу бир нече сапка адамдын жан дүйнөсүн козгогон терең маанини камтый алат. Бир жолу Хемунгуэй бир нече сөздөн турган кызыктуу, кыска аңгеме жазып бере алам деп мелдеше кетет. Ал мелдешти утуп алат: «Кичинекей бөбөктүн батинкеси сатылат. Кийиле элек.» Фредерик Браун эң кыска коркунучтуу аңгемелердин бирин жазган: «Жердин акыркы жашоочусу бөлмөдө олтурган. Эшикти бирөө кагып  жатты…» О.Генри эң кыска аңгемелердин конкурсуна катышып, кадимки аңгемедегидей эле  — башталышы, кульминациясы жана аякталышы бар кыска аңгеме жазган: «Шофёр тамекисин күйгүзүп, бензинин […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Карылык

АҢГЕМЕ Бир аз тумоолоп калган карыган чалын аяган кемпири мештин жанындагы өзүнөн бетер карт мезгилдин түрдүү соккуларынан жедеп бырбыйып бүткөн, түбүндө тешиги жок үчүн гана алигиче колдонулуп жүргөн кап ортосуна чейин сууга көөлөнгөн көмүр салган чаканын жанына эскилигинен колдонуудан чыгып, көрүнгөн жерде тоголонуп,  капталындагы бир кезде көз жоосун алган бажырайган гүлдөрү жол боюнда өсүп, ары-бери көлчүк тебелеп өткөн машинелердин дөңгөлөктөрүнөн чачырап жабышкан ылай сыяктуу ар кайсы жерге уруна берип сыры ыргып, кебетеси кеткен, илгери чөп чабыкка барганда жарма куюп жүрчү, […]

Рюноске АКУТАГАВА: Кэса менен Морито

НОВЕЛЛА 1 Түн. Морито улам асмандагы айды карап, жерге төшөлгөн жалбырактарды басып жүрүп, катуу ойго батты. Ал өзү менен өзү сүйлөшүп жатты: “Мына, ай да чыкты. Дайыма айдын чыкканын абдан күтөм, а бүгүн жарыктан коркуп турам. Буга чейин кандай болсом, ошондой болуп келип, анан бир түндүн ичинде жексен болом, эртеңки күндөн тарта киши өлтүргөн жаналгычка айланам, бүт денемди калтырак басып турат. Ушул колдорум канга боелот! Өзүмө-өзүм наалат айтып каламбы?! Жек көргөн кишимди өлтүрсөм, мынчалык азап тартпайт элем. Бирок бүгүн түнү […]