Бакытбек АБДУЛЛАЕВ: Балаңыздын мектепте жакшы оку(ба)ганынын себебин билесизби?

Бул суроого сиздин ата-эне катары “баламдын нары жагынан жок болсо эмне кылайын” деген же “балам төрөлгөндө эле гений болчу” деген сыяктуу жоопторду угамбы деп турам. Чынында экинчи жооп чындыкка жакын. Себеби, ар бир бала гений төрөлөт. Аларды “гений” же “нары жагынан эле жок” кылуу өзүбүздүн эле колдо экенин биле бербейбиз. Балаңызды гений кыла албаганыңыздын себеби — ага жаңы төрөлгөндөн баштап китеп окуп бере албагансыз. Балага жаңы төрөлгөндөн баштап эле китеп окусаңыз, 1-классты аттагандан тартып жакшы окуп баштайт! Балаңыздын жаркын келечеги […]

Гүлзат ААЛИЕВА: Элдик сыймыкка бөлөнгөндөр эмне унчукпайсыңар?!

УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС! 2017-жылдын 4-августунда Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын муфтийи Максатбек Токтомушев күч органдарына «Ислам дининен алыс адамдар «Уюткулуу Улуу Журт» деген коомдук кыймылды ачып алып, аалымдарыбызга одоно асылып жатат. Ушул коомдук кыймылды көзөмөлдүккө алыңыздар» деп Кайрылуу жазыптыр. Калыстык кайда? «Мен мусулманмын!» деп төш каккандардын оозунан туалет куюлуп, «Манас» дастанын «жалган жомок, миф» деп атап, кыргыз элинин касиети болгон Манасты порнографиялык мазмунда сөгүп, Манас атабызды «аферист», комузду «ширк», Ноорузду «арам» атаган аалымдарды кечээ жакында эле «Даңк» орденин алган муфтий […]

Акын Шайлообек Дүйшеевдин бийликке кайрылуусу!

УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС! Атактуу Рим шаарындагы көп сандаган эстеликтердин бирин түнкүсүн жарык кылышпайт, айрыкча, чет элден келгендерге көргөзгүлөрү келишпейт. Муну менен Рим өзүнүн уятын жашыргысы келет. Анткени, дал ушул эстелик турган аянтка чоң от жагылып, Польшанын улуу окумуштуусу Николай Коперниктин Күн Жерди айланбастан, Жер Күндү айланып турат деген көз карашын кайталагандыгы үчүн динчилдер Жордано Брунонун жазган китептерин өрттөшкөн. Брунонун айткандарын жактагандарды куугунтукка алып, катуу каршылык кылгандарды өлтүргөнгө чейин барышкан. Бирок Бруно буга карабастан ишин уланта берген. Адамдарды Жер менен […]

Кыргыз интеллигенциясына чакырык же бүгүнкү күндүн Кыргыл чалы, Карлыгачы жана Зулпукору кимдер?

«Манас» эпосунун баардык варианттарында Кыргыл чал кырк чоронун башчысы катарында айтылган туруктуу каарман. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Кыргыл чалдын өз аты Айнакул делет. Эпосто Кыргыл чал баатырлыгы, эрдиги менен катар эле куйту, бузукулук кылып, адамдарды чабыштырганга маш кейипкер катары сүрөттөлөт. Мисалы, \ Кырктын башы Кыргыл чал, \ Кыркында көпкөн жинди чал. \ Келген чоро улугу, \ Кеби тентек, чорт кыял. \ Кырк чоронун бузугу, \ Бузукчулук ойлогон \ Буттайын бузуп ийсе да, \ Буудан Манас кабылан, \Бузду экен деп койбогон (Саякбай […]

Искендер ОРМОН уулу: Чубак ажынын терең билимин ачып берүүдө интеллигенциянын ролу чоң роль ойномок

Бүгүнкү маектешибиз Искендер Ормон уулу буга чейин «Ыйман» фондун жетектеген ж. о. э. Кыргызстанда диний билим берүү багытындагы мектептердин ачылышы боюнча бир кыйла долбоорлордун авторлорунан. Искендер мырза менен биз бүгүн диний жааттагы проблемалардын тегерегинде маектештик. Мурда ал Кыргызстандагы Жаш ишкерлер ассоциациясынын координатору болуп иштеп келсе, учурда «Кереге» фондунун төрагасы, «Сереп» изилдөө институтунун координатору… – Бизде исламга жамынган диний агымдардын так саны барбы? Кыргызстанда алардын ичинен кайсы диний агымдардын ишмердигине тыйуу салынган? – Негизинен кээ бирлери бизде болбосо да маселеге эл […]

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Паракор диний «көсөмдөрдүн» доору гүлдөп турган кезең!

Маектешибиз мамлекеттик жана коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев 2007-жылы Илим жана билим министри, 2008-09-ж.ж. КР Президентинин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири, 2009-2010-ж.ж. КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп келгени маалым. «РухЭш» сайты бүгүнкү күндөгү диний көйгөйлөр жана эл агартуу багытындагы маселелер менен бирге учурдагы саясат туурасында К.Осмоналиев мырзанын олуттуу пикирин бөлүшмөкчү… (1-маек ушул шилтемеде) 2-маек – Түпкүлүгүндө ислам динине эч бир каршылыгым жок, ал кыргыз кыртышына сиңиши керек. Арийне, бизде диний багыттагы агартуу ишин аркалагандардын өздөрү жетиштүү деңгээлде […]

Лао-цзы: Билими жок туруп бирок билерман көрүнгөн адам – оорукчан

Бардыгын жеберине жеткире түшүнөм деген адамдын билими тайкы. * * * Баарына жөндөмдүүмүн, баарын түшүнөм деп түр көрсөткөн адамдын жөндөмү да, билими да болбойт. * * * Үн катпаган адамдын билими терең, бакылдаган адамдын билими тайыз болот. * * * Билимге терең каныккан адам кан төгүүгө барбайт. * * * Башкаларга үн-сөзсүз, ишаратсыз таасир эткен адамга эчким теңдеш болалбайт. * * * Билимдүү болсо да бирок билимдүүсүнбөгөн адам – баарынан бийик. Билими жок туруп бирок билерман көрүнгөн адам – оорукчан. […]

Пеями САФА: Көчөдө калган акын

Түрк тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу АҢГЕМЕ Бир кафеге кирип таңды атырып же отелге барып жатуу керек. Кыла турчу башка айласы жок. Жарым сааттан бери Таксим менен Галатасарайдын ортосунда каңгып басып жүрөт. Түн өтө коюуланып калган, балким таң атаарга жакын маал. Аябай чарчаңкы, уйку аны этектеп алган. Ал гана эмес басып баратып үргүлөп кетет. Өзүн таштап жиберсе, таш жолдун үстүнө талпактай жайыла түшмөк, кийин кароолчулар өтүгүнүн учу менен түрткүлөп ойготмок; буттары бүтүндөй тулкусун көтөрмөк түгүл, араң-араң шилтөөгө жарады. Көп кабаттуу […]