Мурзаш АШИРБЕКОВ: Жол түгөнбөйт

АҢГЕМЕ Биз мектептен 3-классты бүтүп, жайкы каникулга тараган күнү кечинде апам, чоң энем үчөөбүз чай ичип отурганбыз. Энем башта эле айтып жүрчү оюн апама дагы айтты: – Эми убакыт жетти. Мен да көр оозунда турам. Неберемди көзүмдүн тирүүсүндө атасы жоктой кылбай үйлөнтүп коёюн. Кана, Сабира, кимдин кызын алып берсек? – Шаарда окуп жүргөнүнө эки жыл болуп калды. Нуржан өзү бирге окуган кыздарынын бирөө-жарымы менен сүйлөшүп жүргөндүр. – Эмне-е!!! – Энем чакчая апамды карады. Мен неберемди кадым-каадасы менен үйлөнтөм. –Апа, апа […]