Кара жумушчу: Эмнеге эле бизге жармашып калдың? Деги сага эмне керек? Сен биздикилерден эмессиң… Жогол мындан! Ак кол: Мен силерге өз кишимин, туугандар! Кара жумушчу: Кантип эле ошондой болсун! Өз киши имиш! Ойлоп тапканын! Жок дегенде мына менин колдорумду карап койчу. Кандай капкара, кир экенин көрдүңбү? Колдорум кык жыттанат, кайыңдын чайыры жыттанат – а сенин колдоруң аппак. Эмне жыттанарын ким билет? Ак кол: (колун сунуп) Жыттап көр. Кара жумушчу: (жыттап көрүп) Эмне деген балээ? Темир эле жыттангансыйт. Ак кол: Темир […]