Аман САСПАЕВ: Ажыроо

АҢГЕМЕ Сиз мени, балким, кээ бир күлүңдөгөн сулуу аялга көөнү түшүп калаар деп ойлоорсуз. Сөзсүз жаңыласыз! Анткени, өз кезинде ошондой бир сулууга кадимки жанар тоо өңдүү жалындадым да өчтүм. Биз, эркектер, чынында өз өмүрүбүздү сулуу аялдардын жалооруй караган көзүн, күмүш коңгуроодой шыңгыраган күлкүсүн, жан эргиткен ширин сөзүн көп кезиктире албайбыз. Бул – сулуулардын мыктылыгынан эмес, бул сулуулардын кымбатын сактоо үчүн турмуш койгон ченем! Эркектердин сулууларга кыйылып түшөр себеби да ушундан. Мен да аял затынын бирине ашык болуп, анын балдан ширин […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Прерия ээлери

— Бул жерлерди орустун кулактары алып койгон. — Качан? — Эл үркүп кеткенден кийин… — Мындан башка дагы кайсы жерлер алынды? — … толуп жатат. (Мукай ЭЛЕБАЕВ, “Кыйын кезең”) ПОВЕСТЬ Индейлердин кеңирсиген кең талаасында эмне гана жок дейсиң; адырлар, тоолор, шаркырап аккан көк кашка өзөндөр, токойлор, жемиштин түркүндөрү, чөбү тизеге оролгон шалбаалар, көлдөр, алтыны мол кумдуу чаптар, кайберендер,  илбээсин куштун түрлөрү, жырткычтар… санай келсек жер үстүндөгү  жандуулар менен жансыздардын тукумун бүтүндөй ушерден тапса болот.  Булардын бардыгына ушул чөлкөмдү ата-бабасынан бери […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Улуттук адабияттын деңгээлин көтөргөн Казат Акматов

АДАБИЙ ПОРТРЕТ Адатта, дүйнөлүк тажрыйбага кайрылып көргөндө, карасөз, анын ичинде роман жазгандар мамлекеттик же коомдук иштерге катышпай, үй оокаты менен убагерчилик чекпей, ашка-тойго, жыйын-сыйынга көп барбай, ээн үйдө отуруп алып эле өзү менен өзү болуп жаза берет. Ал эми биздин Казат Акматов андай болбоду, өмүр бою мамлекеттик жана коомдук иштерде иштеп, болгондо да андай иштердин кайнаган жеринде отуруп, бирок жазууга да, башкалардын жазганын окууга да убакыт таба алды. Ал 1941-жылдын 23-декабрында Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү бир жагында тоо, бир жагында көл турган […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Гаргарчи

АҢГЕМЕ Бердинин балдары – эки кызы, эки уулу апасынын жылдыгын бергендин эртеси эле атасы менен дасторкон үстүндө кеп башташты. Ата, балдардын парызы экен, апабыздын ордуна апа боло турган бирөө болсо, эки бакыр, бир тукур дегендей… – Чоң уулу, былтыр эле өзүнчө орозгер кылып айылдын бир башына тоокканадай там салып кеткени, үзүл-кесил кеп баштады. Ошентери менен кыздардын чоңу – апасынын жаназасына бир келген, эми жылдыгына бир келген алыс жакка түшкөн Айсалкын көзүнө жашын мөлтүрөтүп эшикке атып чыкты. Кичи кызы – али […]

Мурза ГАПАРОВ: Экөө ээн бакта

АҢГЕМЕ Бак туташкан тоолордун этегинде. Бак чексиз кең. Бактын эгеси жок. Бак жапайы. Миң түркүн дарактар өз алдынча гүлдөп, мөмөлөп, мөмөлөрү ит-кушка, курт-кумурскага жем болуп, чирип-ирип жок болот… Бактын баянын эч ким билбейт, байыркы замандан бери эле жашап келаткансыйт. Бирок жыл сайын жаңы чырпыктар чыгып, көчөттөр көгөрүп, жаңыланып, жашарып турат… Бакта күн бүркөө, суйдаң туман түшүп, себелеп жамгыр жаап атат… Бактын чыгыш жагынан бир адам келип кирет. Үстү суу, колунда узун таяк, арып-азган аквалда… Адам бакты аралап узакка узап барып, […]