Лев Толстойдун тарбиялык тамсилдери

Коён жана тайган Коён бир жолу түлкүгө мындай деди: – Сен бизди кубалап баратканда эмнеге үрөсүң?  Үрбөй жүгүрсөң батыраак жетмексиң да. А сен үрүп жатып, бизди мергенчиге камап бересиң: сенин үнүң менен ал биздин астыбызды тороп атып алат, сага болсо эч нерсе артпайт, — десе, анда тайган мындай деп жооп бериптир: – Мен атайылап сен айткан максатта үрбөйм, жөн гана сенин жытыңды сезгенде же жиним келгенин билбейм, же сүйүнгөнүмдү билбейм; айтор эмнеге экенин өзүм деле түшүнбөйм, иши кылса үрбөй коё […]

Беларус эл жомогу: Баардыгынын өз учуру бар

Биздин кыштакта ушунчалык сараң поп-атакебиз бар эле. Ал пайда табуу менен чыгым болбоону гана ойлончу. Күз келип, эгин чабык менен түшүм жыйноонун учуру келип, жери көп поп-атакебиз үч батракты жалдады. Таң атары менен поп батрактарды ойготуп тамактандыра баштады. Батрактар апылдата тамак жегенин көргөн поп ыйык санаган  башын чайкап ойго батты: “Булар азыр тамак көрбөгөндөй жеп атышат, түштө да ушундай сукулдашат, ал эми булар түштөнүш үчүн талаадан келгиче канча убакыт өтөт, эгер талаага тамак алып барсак, аттар  чарчайт. Андан көрө түшкү […]