Топчугүл Шайдуллаева: Бири кем дүйнө (шедевр)

АҢГЕМЕ Бир айылда жашаган, бирок орун очогу эки башка эки келин арылгыс арманга малынды. Кырктын кырына жаңы келген, ак жуумал, узун бойлуусу бакырайган көздөрүн жашка толтуруп, ый аралаш көңүл айтып келгендерге сүйлөп жатты: – Өлбөй эле тирүү жүрсөчү, байкушум. Мен анын бардык кылык-жоругуна чыдайт элем. Элчилеп келин-кызга барып, көзүмө үймөктөп чөп салса деле мейли эле, катын алса да мейли эле, тирүү эле жүрбөйбү. Жашай турган чагында жайрап калды, жок дегенде балдарынын биринин жакшылык күнүн көрсөчү, төрүндө чайын ичсечи… Өлөрүн билди […]