Болгар акыны Любомир Левчев Кожогелди Култегиндин котормосунда

♦ ♦ ♦ Кайтып келдим кечинде мен үйүмө. Капысынан кимдир-бирөө ийнимден карс эттире кармады. Шарт бурулуп жылмайганча карасам жан-жагымда эч ким жок. Анан гана ийнимден ай астында жарк этти аябай чоң саргыч-кызыл алакан – жайылган бир жалбырагы каштандын. Жаркылдап тур жагып мага ушул кеч. Абай салып турган окшойт баятан, апам мага үн катты: — Ана, кайра таптың эски досуңду! ♦ ♦ ♦ Биздин ушу көчөдө бир айныган дарак өсүп алыптыр. Жазындасы эргулуң жайнап-гүлдөйт башкалардан башкача, туура он күн эртерээк. Тун […]