Валерий Карышев: Александр Солоник – мафиянын киллери

1-2-главалары>>>> 3-глава Колдо бар алтындын баркы жок деп туптуура айтылган. Болгону бир нече күн мурда Солоникте баалай турган нерселердин баары бар эле: өз батири, машинеси, акча, жакшы маяналуу иши, башкысы – каалоолору менен мүмкүнчүлүгүн айкалыштырып жашаса болмок. Эми мунун бири да жок. Эми ал киши эмес, ал сегиз жылга соттолгон, анүстүнө бүткүл союздук издөөдө жүргөн кылмышкерге айланды. Өткөн жашоосун биротоло чийип салса, алдыдагы келечеги саздан көтөрүлгөн тумандай бүдөмүк, белгисиз эле. Издөөдө жүргөн киши эркин кишиден абдан эле айырмаланып турат. Ал […]