Сабатсыздык чыйыры: «Кыргызстан каталардын өлкөсүнө айланып калгандайбыз…»

Белгилүү жазуучу, публицист, профессор Абдыкерим Муратовдун учурдагы туташ билимсиздик тууралуу маеги. — Абдыкерим мырза, Сиз өткөн кылымдын аягынан бери эле мектептер үчүн окуу китептерин жазып келесиз. Соңку учурда алардын айланасында бир топ талаштар жүрдү, тагыраагы, кетирилген грамматикалык, стилдик гана эмес, фактылык каталар тууралуу коомчулук тынчсызданып атат. А Сиз болсо окуу китептерин жазуунун тажрыйбалуу адиси жана илимпоз-профессор гана эмес, публицист катары да бул жаатта ой-пикириңизди айтышыңыз керек эле да, негедир унчукпайсыз… — Унчукканда эмне дейин?! Мидин куйкум сөз менен «ж.б. лардын […]