Казак эл жомогу: Элебестин көргөндөрү 

Илгери бир кедейдин үч баласы болуптур. Атасы өлүп жетим калган балдар азып-тозуп кетет. Эми жетимдер күн көрүү амалын издейт. Оокаттары өтпөй калганда  жолго чыгышат.  Келе жатканда алдынан эки жол кездешет: бирөө – барса келбес, экинчиси – барса келер. Агалары Элебести барса келбес жолго салып, өздөрү барса келер жол менен кетет. Элебестин алдынан көк жал карышкыр чыгып, качырып сала берет.  Элебес карышкырга: «Жегениӊ аш болсун! – дептир. Карышкыр: «О достум, өмүрүмдө бул мага айтылган биринчи жылуу сөз, мындан мурун кезиккендер мага […]

Казак эл жомогу: Алдар-Көсөө менен Жээренче

Жээренче дагы бир жолу жолукканда Алдар-Көсөө жүзгө таяп калган эле. Ал мындайча болду: Жээренче айылдын четиндеги дөбөдө отурган. Караса, жолдо таягына сүйөнүп араң баскан абышка келатыптыр. Жакын келип учурашып, жанына отура кетти. Жээренче ошондо Алдарды тааный койду, себеби улгайган кишинин ээгинде бир тал сакалы жок эле. Жээренче кубанып кетип сөз баштады: – Алдар, сен жүзгө чыктың, барбаган жериң, көрбөгөн элиң калган жок, сенин изиң калбаган жол болбосо керек. Көргөн-билгениңден айта отурсаң – мен ыраазы. Алдар-Көсөө эч жооп бербей, унчукпай көпкө […]

Казак эл жомогу: Чынчыл атчы

Бир хандын үч күлүк аты болуптур. Хан аттарын абдан жакшы көрүп, аларды багууну бир гана өзүнө катуу берилген кулуна ишенип тапшырчу экен. Бир ирет хан баш вазири менен маектешип отуруп, атчысынын чынчылдыгын мактайт. — Мындай болушу мүмкүн эмес, таксырым. Бул дүйнөдө калп айтпаган жан жок. Жөн гана сиздин кулуңузга калп айткыдай учур жарала элек болсо керек, — деп жооп берет вазир. — Бирөөдөн жөн жеринен эле күмөн санаган болбойт, — дейт хан. — Эгер мен бул атчыңыздын калпын кармасам эмне […]