Улукбек ОМОКЕЕВ: Кечирейин, силер да кечиргиле!

ТУРАТ ЭКЕН КӨТӨРҮП Булак жактан сокмо жолдо кече күн, Булдуруктап сүйлөп сөздүн шекерин. Бакан менен суу көтөргөн апанын, Бала келет бекем кармап этегин. Бала келет ылай жолдо жыгылбай, Бал сөздөрү кээде угулуп-угулбай. Чака келет бакандарга илинип, Апа келет ак маралдын сынындай. Тагдыр жолу таза, тунук өмүрдөй, Ийиндерде оор салмагы сезилбей. Чагылышып жазгы күндүн нуруна, Суу келатат чайпалбай да, төгүлбөй. Төгүлбөгөн суу – бул бала, үй-бүлө, Аны ападай албас эч ким сүйдүрө. Тең салмагын бузбай ушул дүйнөнү, Турат экен алар асып […]