Кыргыз эл жомогу: Кедей бактысы

Бир кедей күнүнө отун алып, аны базарга сатып, балдарына базардан анча-мынча тамак-аш алып келип, жан сактап туруучу экен. Бир күнү чоң суунун боюндагы куураган талдарга көзү түштү. Араасын жерге коюп, балта менен чоң түп талды кесе баштады. Орто ченине келген кезде балтанын башын бекиткен шынаасы ыргып кетип, балта суунун терең жерине барып түшөт. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, – деп, кедей башын мыкчып отура калды. – «Балдарды кантип багамын» – деп капага терең малынды. Өзүнө өзү суроо берип, муңкана берди. Шынааны бош […]