«РухЭш» сайты мыкты энелерге атайы сыйлык тапшырат

«Улут келечеги – энелердин колунда». Оноре де БАЛЬЗАК Мыкты Эне – үйдүн куту. Мыкты Эне – улут сыймыгы. Мыкты Эне – улут башаты. Генийди да, канкорду да Эне жаратат. Арийне, немистин улуу акыны Генрих Гейне айтмакчы: «Тарыхты аялдар жаратат, бирок анда эркектердин ысымы калат». Карт тарыхта ысымы өчпөс нечендеген улуу адамдар, генийлер, канкор-диктатор, тирандар өткөн. Алардын баары асмандан түшкөн эмес, Эне жүрөгүнүн алдынан туйлап, ааламга көзжарышкан. Кара жер бетин кайгыга, кубанычка бөлөгөн башат да Эне болгон үчүн кара жер балбандын […]