Жеткинчек муун: Мен адептүү окуучумун

Мен Жеңишбеков Алымбек Ибраимович Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда жашайм жана № 52 таланттуу балдардын мектебинде 4в классында окуйм. Мен шаардагы Ак-Тилек кичи районунда 5-көчөдө жашайм. Ар бир адамга өзүнүн  жашаган жери жагат эмеспи, мага да өзүбүздүн кичи район  аябай жагат: бак-дарактар, каштандар жапжашыл болуп, чымчыктар  сайрап, кечинде көчөнү бойлой түнкү шамдар күйүп, кооз көрүнөт. Биз жашаган көчөдө 12 үй бар жана көчөбүз кыска. Кошуналар ынтымактуу, көпчүлүгү мугалимдер. Менин ата-энем да мугалим. Ошондой эле көчөбүздө милиция, шофер, банкир, повар, врач, […]