Нурадил Рыспаев: Кузгундар

ПОЭМА Үӊкүр эмес, өз үйү, өргөсү бар, Үйдөй эмес, үӊкүрдөй бөлмөсү бар… Үч залкарды батырат жалгыз бөлмө, Үмүтү бар, жарыкта өлбөсү бар… Табигаттан алакан түрүп сурап… Тар бөлмөдө тажабас үмүт турат! Алты башка алакан арасынан Ай шооласы уурданып кирип турат… Карганын да зар болгон конушунан… Төрт кабаттын аз издүү чокусунан, Элеӊ-элеӊ жалт этет алты карек — Эшик черткен үн чыкса кокусунан. Чочуганы кабакты түйө карап, Кубанганы күнгө окшоп күлө карап… Күн бата элек экенин баамдаганда Күлмүӊдөшүп алты көз күйө калат. […]