Ашир Кулиева: Үнсүздүк – жылуу сөздү күтөт жоктоп (конкурска)

ЖАЗ Жазым келди, жарыш ойдо күткөнүм, Айтып мага, кыш жомоктун бүткөнүн, Жылыта бер, кар менен тең эрисин… Муңдуу жаштын, кирпигиме сүрткөнүн. Сезимдеги кайдыгердик жүктөмүн, Серпип салып кайраттуулук түптөгүн. Табиятка шерик болуп уктаган… Эркти ойгот, ойгонушун күтпөгүн. *     *     * Жер бети жашыл көйнөкчөн, Жемишин төгүп чөйчөктөн. Жаз келет эми, кыш кетти, Салаңдап муздуу сөйкөчөн Кыш кетти, аппак көрпөчөн Жаз келди жашыл көктөмчөн. Өзгөрбөй өзүм боломун, Кышта да жаз да өзгөчөң. СӨЗ Сөз — ыйык, сөз — керемет, сөздөр — оттук, […]

Караш Жанышов: Барктабас нерсе көп бизде (конкурска)

ЧЫНДЫК Кум сымал калптардын арасынан, Кумдан да миӊ эсе кичинекей — Чындыкты жапжалгыз караштырам. Чыдап бүт кумдарды карап чыгам… Калптардан миӊ түркүн жорук чыгат, Калп эле чын сымал болуп турат. Чындыкты таптым деп кармаарыӊда Чыныгы калп ошол болуп чыгат. Үмүттөн баардыгы түздөлөрүн, Үн, сөз жок жашоону издебедим. Карандай калп эмес бул жашоодо Караандай чындык менин издегеним. *     *     * Катуу сүйлөп үмүттү тепсебеймин, Калбай баары максатка жетсе деймин. Эл адамы наамына кызыккандар, Элдин үмүт-мүдөөсүн сезсе деймин. Кесир сүйлөп кемсинтүү көксөбөймүн, […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: Арзуунун күндөлүгүн барактап

ЭССЕ «Оо, махабат сен болбосоң дүйнөдө, Бирин-бири алмак эле ким эске!» Табылды МУКАНОВ Ал күндөлүгүн барактап олтурду. Артынан түшпөсө да, анда-санда чиймелеп жүрчү. Жазып койгону жакшы болуптур да, окуган сайын саптар арасынан алыста жүргөн, убактылуу жүргөн, ушул убактылуу дегенге каниет кылат, өзүн-өзү сооротот, жакын адамы, асыл адамы жарк деп чыга калчудай окуйт. Жаңы жыл жакындап келатканын ойлоду. Тамагы буулуп, жашы кылгырды. Өмүр өтүп атканына эмес, өзү ээн чөлдө калгандай ээнсиреп жүргөнүнө жүрөгү сыздады. Караан этээр дептерин кайра баштан барактап кирди…. […]