Габриэль Гарсиа Маркес: Менин муң-зарлаш шуркуяларым

ПОВЕСТЬ <<<<<<<<<<< Башы Үрөй учурган күн күркүрөөнүн жаңырыгы босогого жеткенимде жаңырды, бөлмө нымдуу жердин жытына толуп чыкты. Мен суу болбой качып кетүүгө үлгүрбөдүм. Такси издегенимче, укмуштуудай, шаарга майдан октябрга чейин төгүлчү, анын чаң-тозоңун чыгарчу, дарыяга умтулган, кызыган кумдуу көчөлөрдө жолунан кезиккендин баарын өзү менен алып кеткен бууракандаган агымга айланган нөшөр башталды. Шаарга үч айлык кургакчылыктан кийин жааган ошол өзгөчөлүү сентябрдын жамгыры аны бар кылышы да, жок кылышы да мүмкүн эле. Эшикти ачаарым менен жалгыз эместигимди жон терим менен туйдум. Болгону […]