Кхмер эл жомогу: Чабактар неге бийик секирип калышкан?

Кампучиянын жылуу жээктеринен абдан бийик секирген майда балыктарды көрүүгө болот. Бул балыктар кандайча минтип секирип калышкан? Бул тууралуу кхмер карылары төмөндөгүдөй бир болумушту айтып жүрүшөт. Илгери-илгери ушул деңиз жээгинде эки бир тууган балыкчы өмүр сүрүшкөн экен.  Алар абдан кедей жашашыптыр. Булардын улуусунун аялы акылдуу жана иштерман экен. Ал эми кичүүсүнүкү тетирисинче, маңыроо да, жалкоо да болуптур. Бир жолу бир туугандардын улуусуна аялы мындай дептир: — Сен экөөбүз эртеден кечке бел чечпей иштесек дагы, тапканыбыз күнүмдүктөн чыкпай, жарды жашап келатабыз. Укканыма […]