Салижан ЖИГИТОВ: Китепкөйгө каратма сөз

Азыр биздин өлкөдө[1] китеп соодасынын арааны катуу жүрүп турган чак. Орусча китептерди асыресе көркөм адабият туундуларын калайык дүкөндөргө түшүрүп-түшүрбөй талап кетет. Алар жүз миңдеген, кээде миллиондогон нуска менен чыгып атса деле, баа жагынан эки эсе кымбаттаса деле көпчүлүккө түтпөйт. Айтор, бу чакта китептен өткөн таңсык буюм табылбай калды. Албетте, «китеп каатчылыгы» жок жерден чыга келген жок. Совет бийлиги жарым кылым ашуун мезгилде жумурай журтту бүт бойдон кат-сабаттуу кылды, калктын көбүн илим-билим дүйнөсүнө кооштурду, кат тааныгандын далайын дайыма китеп окуганга кыныктырды. […]

Бирөө дүйнө жыйнайт, бирөө китеп жыйнайт

Биз сөз кылар китепкөй инсандардын бири — Казак эл жазуучусу, Абай атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Мухтар Магауин. Кимдин китеби көп? Китеп — бизди өмүр бою коштоп жүргөн ажайып дүйнө. Ошол ажайып дүйнөгө улам-улам баш багып туруш үчүн кээ бир адамдар китеп чогултат. Минтип китеп топтоо совет доорундагы кыргыз интеллигенциясынын көбүнө мүнөздүү болгон. Менин угушумча, улуу муундагы жазуучулардан Түгөлбай Сыдыкбековдун, Кубат Жусубалиевдин, Кеңеш Жусуповдун, тарыхчылардан Өмүрбек Караевдин, Кушбек Үсөнбаевдин, философтордон Азиз Салиевдин, экономисттерден Керим Жунушовдун, адабиятчылардан Салижан Жигитовдун, Камбаралы Бобуловдун, коомдук […]

Антуан де Сент-Экзюпери: Кичинекей ханзада

Которгон Салижан ЖИГИТОВ БАШЫ>>>>>>>>>>> XIV Аябай кызык планета бешинчи планета экен. Баарынан кичине. Анда бир фонарь, бир фонарчы бар экен. Көк асмандан көзгө илепшеген, тамсыз жана адамсыз бу кепкенедей планетага фонарь менен фонарчынын кандай зарылы бардыгын Кичинекей ханзада эч бир түшүнө албады. Бирок ал мындай ой жоруду: «Балким, бу адам теңирден тетири көрүнөр, бирок ал королдой, атак сүйөрдөй, камбылдай, аракечтей тетири эмес. Анын кылганында бир маани бар. Ал фонарын жакканда, дагы бир жылдыз же гүл жаралгандай боло түшөт. Ал фонарын […]

Антуан де Сент-Экзюпери: Кичинекей ханзада

Которгон Салижан ЖИГИТОВ ЛЕОН ВЕРТКЕ Алдагы китепчени чоң кишиге арнап койгонум үчүн кечирим сурайм. Актанып айтарым эле бу: а чоң киши менин эң мыкты досум. Анан калса ал балакеттин баарын, а түгүл балдардын китептерин да түшүнө алат. Акырында айтарым: ал Францияда жашайт, азыр аякта суук, ачарчылык. Демек, менин досум көңүл жубаткан жылуу сөзгө өтпө муктаж. Эгер ушул айткандар да актай албаса, анда китепчени досум деген чоң кишинин бала чагына арнайм. Чоң кишилер баары адегенде бала болгон го, бирок аны эстеп […]