Акындын элеси

1944-жылдын кышы. От жагылбаган үй суук. Кыштык пальтону желбегей жамынып, мойнума жүн жоолук оронуп, мээлей кийип «Биздин замандын кишилерин» жазып олтургам. Бир маалда эшик тымызын ачылды. Көңүл бурган жокмун. Алыкулдун үнү жумшак угулду — Иштеп олтурган белең?..— Иймене калды бейм, адатынча мени «Көлкөңбай» деп тамашалабастан осолдук сезгенсип тигил жалгыз орундукка олтура кетти. Ал да пальтосун желбегей жамына кирген экен. Эки өңүрүн жыя кумтуланып, колдорун бооруна алган калыбында ойлуу, тыптынч олтуруп калды. Кызы Жыпары чарчап, баш кошкон жары чыгыштык кылып бир […]