Тажик эл жомогу: Дүйнөнү дүрбөткөн эшек

Же жери жок, же үйү жок, болгону бир ыркыйган карт эшеги бар кембагал жашаптыр. Ошол кембагал бир күнү өмүрү дегеле эшек көрбөгөн өлкө бар экенин угуп калат. «Эшегимди ошол жакка алпарсам бекен, – деп ойлонот кембагал. – Мүмкүн бирөө-жарымы сатып алаар». Ошентип эшегине минет да, жөнөп калат. Ойду-тоону кесип, дарыяларды кечип жүрүп отуруп эшекти өмүрү көрбөгөн, билбеген өлкөгө да туш келет. Анын шаарга келгени элди дүрбөлөң түшүрүп, тиришумдук жаныбарды көрүүгө туш-туштан жүгүрүп келишет. Эшек адатынча айкырат. Анын зоңкулдаган үнүнөн элдин […]

Куба эл жомогу: Эшекче жокмунбу!

Эки кошуна бар экен. Бир күнү бири эшигинин алдында отурса экинчиси үйүнөн чыга келип, так секире сүйүнүп, кооздук үчүн өстүрүлгөн көк шиберге кулап түшүп, кубанычтуу үн чыгарып, каткыра күлүп, ары-бери тоголонуп оонай баштайт.  Биринчи кошуна экинчисинин бул жоругуна айран таң калып туруп калат, анан эсине келгенсип сурайт: — Педро, сага эмне болду? Жинди болгондон соосуңбу? Педро эч нерсе укпагандай түр көргөзгөнү менен ордунан турат, бирок кайра эле шиберге кулап, ары-бери тоголоно оонап, каткыра күлүп, кубанычтуу үн чыгарат. Айран таң калган […]

Казак акыны Азкен Алтайдын ырлары

БООРДОШ ЭЛ АДАБИЯТЫНАН Азкен Алтай (Азамат Акылбеков) – 1963-жылы Талдыкоргондун Алтынемел аймагында туулган казак акыны жана жазуучусу. Анын Тезек төрө жана анын урпактары, о.э. адабий мурастары туурасында монографиялык эмгектери жарык көргөн. Айрым чыгармалары англис, орус, кыргыз жана өзбек тилдерине которулган. Котормо Жумагүл ГАЗЫБАЕВА ДӨӨ МЕНЕН ЧЫМЧЫК (Көчмөндөр философиясы) Илгери бир чоң алп дөө болгон экен, Жанына майда куштар толгон экен. Өзүнө тең келерлик бир жан таппай, Көөнүнө текебердик конгон экен. Чымчыкты мазактаптыр көргөн кезде, — Кудайым түр күлкүнү берген экен. […]

Биримдик

Тажик жомогу Илгери өткөн заманда бир киши жана анын үч баласы бар экен. Алар үй-бүлөсү менен бактылуу жана ынтымакта жашаптыр. Бир жолу Бакыт ал кишиге минтип айтыптыр: – Мен бүгүндөн баштап сенин үйүңдөн кетем! Эмне болгонун түшүнбөй, ал киши улуу баласын чакырып алып мындай дейт: – Бакыт биздин үйдөн кетем деп атат. Буга эмне дейсиң, эмне кылабыз? – Кетсе, кете берсин! Бизге Бакыттын кереги жок, биздин достугубуз кетпесе болду дейт, – улуу баласы. Атасы бул жөнүндө ортончу баласынан эмне кылабыз? […]