Элдияр Элчибек: Биздин үй

АҢГЕМЕ Төбөдөгү шыптан куюлуп аккан жаандын суусу кире бериштеги цемент тепкичти жыртып бүткөн экен. Сыры кеткен каалганын жанында аял кишинин чоӊ бут кийими, андан ылдый кичинекей баланын эки бут кийими эки жакта жатат. Мен ичимен токтоно албай «Биздин үй!» — дедим, ырсыйып күлүп: ортоӊку тиштерим да түшүп калган жана күлгөнүмдө, ошол тиши жок кемтиктен ышкырык үн чыгып турат. Бул мага аябай жакса керек. Кудум эле ушул үйдү жакшы көргөндөй! — Сиз ошондо акыркы жолу келдиӊизби? – деди жана мени ушул […]