Социалдык тармактарда отурган чала молдолор комментарий жазууга атайы даярдалат

Урматтуу «РухЭш» сайтынын журналисттери, сиздерге ушул катты атайы жолдоо керектигин тааныштарым аркылуу билдим. Сиздерден өтүнөм, катымды өзгөртпөй чыгарыңыздарчы. Себеби мени ирээнжиткен иштердин көбүн кыргыз элиме жеткирип, башкаларды ката кетирбөөгө эскертким келет. Мен дагы диний жамааттын өкүлү болуп келгениме азыр өкүнөм. Он гүлүмдүн бири ачыла элек кезимден жаңылган экенмин. Албетте, тагдырга өкүнбө дешет, бирок менин өкүнүчтүү тагдырымды башкалар кайталаганын каалабайт элем. Мендей эле көптөгөн жаш кыз-келиндер өкүнүчкө кабылбагыла деп сиздердин сайт аркылуу ушул катымды жарыялап койгонуңарды өтүнөмүн. Мен өзүм кыргыз тили […]