Манфред Кибер: Наркы жээк (конкурска №56)

АҢГЕМЕ Бир заманда алыскы өлкөлөргө каттап, ал тараптан жалаң гана өтө сейрек кездешүүчү өзгөчө, укмуштуу буюмдарды  чогултуп жыйнаган бир коллекционер жашаптыр. Ал адам ошону менен бирге эле күнүмдүк жашоо-тиричиликте колдонулуучу буюмдарды да жыйнап жүргөн, бирок сатылып алынган буюм ошондон кийин өзгөчө маанини алып, өз баянына, тарыхына ээ болуп калчу. Ар бир буюмдун таржымал-баянын түшүнүү оңой өнөрлөрдөн эмес экендигине карабастан, коллекционер ал баяндарды окуганды билчү. Ошентип, ал күнү менен, түнү менен өзгөчө буюмдардын баянын окуп отуруучу, анткени ал билгенден, адамдардын тагдыры […]