Мевлана Желаледин Руми: Эки ууру (конкурска №61)

МЕСНЕВИ Илгери өткөн заманда бир падыша жашаган экен. Ал өз падышачылыгында эмне болуп жатканын көрүп-билүү үчүн мезгил-мезгили менен кийимин алмаштырып алып шаар аралап чыгуучу экен. Ошентип күндөрдүн бир күнүндө жаман чапанын кийип, мусапыр кейпинде шаарга чыкты. Жолдо келатып, эки ууруга жолукту. Падыша бул ууруларды мурун эч көргөн эмес экен. Анан аларга карап: – Туугандар, мени да араңарга кошуп алгылачы. Мен ушинтип үй-жайы жок, жер кезип жүргөн адаммын,  — деди. Эки ууру аны башынан бутуна чейин жакшылап карап: – Кошуп аларын […]