Конкурска: Баштык (№43)

АҢГЕМЕ «Домодедово аэропорту». Эл жыкжыйма. Кажы-кужуга толгон залдын бир бурчунда кара тору кыргыз келин эсин жоготконсуп, дендароо болуп отурат. Дагы он мүнөттөн соң Ош-Москва-Ош каттамындагы учакка каттоо башталарын эскерткен жагымдуу үн угулду. Келиндин жүрөгү эмнегедир түпөйүл, өңүндө бушаймандык көрүнөт. Көздөрүнөн жан дүйнөсүндөгү алаамат, ыза чагылат. Жакын кишиси келип, «канттиң, чырагым» десе, бурр эте коё берчүдөй ыйлоого дапдаяр. Шериги – катуу, чатырдай матадан тигилген чоң баштык. Анысынын ичинде нелер гана жок. Ойлосо, бу чоң  баштык менен доштошконуна он беш  жылдын жүзү […]

Конкурска: Арман сенин – падышаң, сен ага – күң (№25)

♦     ♦     ♦ Топук болбой жарды менин жүрөгүм, Толук эмес жартылыктан жүдөдүм. Тоодой сезим көөдөнүмө сыга албай, Тоодо демим, жапыстыкта жүрөмүн. Карлыгачмын өз мезгилин таппаган, Кайда учса жаздын деми бакпаган. Күкүм болуп миң ушалап күбүлүп, Кызыл эттен, тээрисине батпаган. Сүйүп сени, деңиз болдум ташыган, Сезимдердин мухитимин калкыган. Сыйпап шамал толкундары ташыса, Сезиш үчүн суулар жээгин таппаган… Жаным чыда! Кабыгыңда туйлаба. Жаның тынаар азыгы жок калганда. Жанар тоонун күнү бүтсө күл болор, Жашоо үчүн, жалын муктаж учкунга! Неге мынча кежирсиң!!! Сезимиңди […]

Конкурска: Күкүк эне (№9)

АҢГЕМЕ Төрөткана. Чоң-чоң терезелерден жарык төгүлүп, анын нурлары түн караңгылыгын көзөп, алда кайдан балбылдайт… Бул жер ыйык. Адам баласы ааламга көз жарган жер ыйык эмей… Төркү бөлмө врачтардыкы. Жүзү кызарып, маңдайы тердеп чыккан баш врач өзүн-өзү токтоо кармаганга аракеттенип, көзүн жерден албай үнсүз, сөзсүз мисирейген келинге кеп уктура албай убара. — Ойлондуңбу? Өз балаңды жээрибе! Мал да баласын кыйбайт. «Отказ кылдым баламдан» деген кагазыңды тытып ташта. Өз ичиңден чыккан, а! Бала деген бала. Буюм эмес, төрөп таштап кете бергидей. Сени […]

Гүлбарчын Боскеева: Бирөөнүн азабынан басынгам, жашырынгам (конкурска)

АБАЙЛАСАК БОЛМОК ЭКЕН Жолуктук бүгүн дагы көпчүлүктө, Сагыныч, кусалыктар ашып турду. Карашып аралыктан көз жүгүртө, Каректер муңайымга батып турду. Сиз төрдө, а мен ооздо, эки жакта, Сыр катып телмиребиз, тиктешебиз. Топурап баары үйүнө кетип жатса, Топ элдин арасынан издешебиз. Табышып колдор колду кыса кармап, Сыр бербей эл көзүнө саламдаштык. Жарыңыз көрсө балким ызаланмак, Анткени сүйөнүшө катар бастык. Көөдөн толгон көп ойлорду бөлүшпөй, Кантмек элек кетүү керек коштошуп. Абайласак болмок экен көрүшпөй, Алдык бүгүн жан дүйнөнү боздотуп. Узадык улам артты карай […]

Махабат Акылбекова: Эрте соолуган гүл (конкурска)

АҢГЕМЕ Таң. Саат 6:30. Жадыраган жаз мезгилинин келип калган учуру. Кар толук кете элек болсо да, анын астынан жаңы өсүп келе жаткан жашыл чөптөр бул көлөкө жерлерде жашынып, эриген тондун ылайы менен аралаш ала-була карлардын көзгө жагымсыз айыбын жашырып, жерге башкача бир кооздук берип турат. Көңүл көкөлөткөн көктөмдүн алгачкы күндөрүндөгү бул көрүнүшкө кошул-ташыл куштардын назик, чуру-чуу болсо да кулакка жагымдуу сайрагандары бул күндөрдүн көркүн дагы да арттырууда. Жаздын келгенин кабарлаган бул жагымдуу үндөр таттуу уйкуда жаткан Мырзайымды ойготуп жиберди. Ал […]

Адашгүл Токтоназарова: Апаке, кечир мени (конкурска)

АПАКЕМЕ КАЙРЫЛУУ 1-кат Бул жашоодо оңой экен чынында, Адамзаты катаны кетирмеги. Апаке, сизди ойлобой, сизди эстебей, Сүйгөнүмдү ойлондум, кечир мени! Көрөгөчсүң, апаке, айтып берчи, Жашоодо туура жолдо баратамбы? Же кокус тайгаланып тайгак жолдон Мээримдүү жүрөгүңдү канатамбы? Акылмансың, апаке, айтчы чынды, Жашап жаткан бул жашоом өзү чынбы? Улайын улуу көчүн энелердин, Үйрөтчү аялзаттык улуу сырды. Мына дагы күндөгүдөй кечим келди, Билбей турам сага эмне дешим эми… Апаке, бул кечте да сизди ойлобой, Сүйгөнүмдү ойлондум кечир мени! 2-кат Балкыдым бакыттын даамын татып, […]

Гүлзат Бектемирова: Белгисиз мен кайда баратам (конкурска)

*     *     * Мен жашап жамгырлуу калаада, Белгисиз күн кайдан чыкканы. Өксүбөй ичтеги санаага, Өкүнбөй өмүргө сырттагы… Сен чанган сүйүүдөн дем алып, Жалгызмын сен танган бу жолдо. Ишенич, үмүттөн кем калдым, Ишсең тагдырды жоготтум. Сен жашап оюмда каталуу, Мен жашап жамгырлуу калаада, Белгисиз күн кайдан батаары, Белгисиз мен кайда баратам… *     *     * Жашап жүргөн турмушунда тайып миң, Жашоо эмне — көз жашымдан түшүнүп, Өзөгүндө күйүп анан айыптын, Өзүмдөгү жылуулуктан үшүдүм. А сен мага жаза болуп кезиккен, Таза болуп чыгып […]

Гүлүмкан Исаева: Такыр эркин абалда ачылат күн (конкурска)

ЖАМГЫРДА Жөө жүгүрөт көктүн өжөр туманы, Жөөлөй козгоп менин эски ылаңым. Жогорудан бийлеп түшкөн тамчынын, (Көрбөй бирок) Жөн жай гана кереметин угаарым Сезип турам. Албайм деген кол чатыр да колумда. Ансыз болбос, алуу абзел моюнга. Аркы-берки эшиктерин каккылап (Мезгилдердин) Кимди издеп баратамын июнда кезигүүгө? Бир күн чачып асманга чачыласын, Такыр эркин абалда ачылат күн. А ошондо эч нерсе болбогондой (биз экөөбүз) Кейпин кийип бекерчи тааныштардын көрүшөрбүз… 14-ТРОЛЛЕЙБУС Омкоро салып тоону, Окуудан кайткан учур. Мен жана баратабыз, Троллейбус Он төртүнчү. Мен […]

Темирлан Сейитбек уулу: Чоочун жан (конкурска)

Таанылбай турам, көңүлүм сүйбөй эч жанды. Ойлор да мени “КОЙЧУ СЕН УШУЛ» деп калды. Күн-түнүм оошуп, караңгы тартып дүнүйөм, Ыр жазуу мени чынында, ата, жеп салды. Кыйналып жүрөм, кыскасы жүрөк жалын, буу. Кайгырба эне балаңыз балким жаңылды. Кайраттын жугу, сабырдын нугу жоюлат, Күткөндө кейип, көөдөндөн чыкчу жаңы ырды. Бардыгы сонун, турмушта, жумуш, жарым бар. Билимим, билүүм, ден соолук, кубат, алым бар. Күн өткөн сайын күбүрөп ичтен кыйнаган, Ичимде ата дагы бир ЧООЧУН ЖАНЫМ бар. Талашат ойду, ойготот түнү, ой, кыйнайт! […]

Жибек Келдибекова: Карекке каткан сүрөт (конкурска)

АҢГЕМЕ Алардын аңгемеси интернет желесинен башталган. Ал жерден таанышып, желеден дос болуп, желеден сүйүшүп калышты. Айтып келсе кеп кызык… Кыздын желедеги аты «Ширин» болуп, анын чыгарып койгон баш сүрөтү көргөн кишинин көз майын жечүдөй укмуш сулуу эле. Жигит оболу кыздын ошол баш сүрөтүнө ашык болуп калды. Ал «Ширин» аттуу кыздын жазган ырларына кызыгып, чынын айтканда кыздын тордогу баш сүрөтүнө ашыкча кызыгып, өзү да билбей торго чыкса эле ошол «Ширинди» издеп, анын кылчайып карап турган сүйкүмдү сүрөтүн көргөнгө шашылчу болду. Айтбаса […]

Конкурска: Кеңешбек Асаналиевдин сынчылык чеберчилиги

№ 9 Чыңгыз Айтматов — Кеңешбек Асаналиевдин чыгармачылык тагдырынын бир бөлүгү, бир бүтүндүн жарымы. Эки улуу адамды тагдыр 50-жылдардын экинчи жарымында жолуктурган. Бул туурасында сынчынын мындайча эскергени бар: “ХХ кылымдын элүүнчү жылдарынын экинчи жарымы мен үчүн кандайдыр бир ыңгайлуу, ал турмак перспективалуу, келечектүү сыяктанып башталды (белгилеген – Э.А.). Көрсө, жашоо турмушта сен өзүң ойлоп таба албаган, тапсаң да орду-ордуна жайгаштырып коё албаган турмуштук шарттарды жана кырдаалдарды тагдыр өзү жаратат окшобойбу. Болбосо, Чыңгыз менен эң биринчи жолу дал ушундай шартта кездешип, […]

Конкурска: Ыр саптарга сереп

№10 Эч болбосо 1-2 сабы эсте калып, кийин кайра окугубузду келтирсе гана ыр жазылыптыр деп айта алабыз го. Төмөндөгү үч башка автордун бирден ыры жөнүндө сөз кылуудан мурун мага абдан жаккан саптарды келтирейин: “Эмне кылсам бул жүрөктү булкунган?” “…таштан бүткөн, асемделген муз менен” “Үй санаасыз, биз күнөөсүз, шаар шамал”. 1. Чаалыккан кыялдар Назгүл ОСМОНОВАнын 2014-жылы жарык көргөн «Чаалыккан кыялдар» жыйнагындагы мыкты ырлардын бири ушундай аталат. Мен бир кушмун канаттары кайрылган, Ишенимден, үмүттөрдөн айрылган. Көздөн учуп көксөгөн көк жээктер, Чоочун, муздак […]

Конкурска: Турар Кожомбердиевдин балдарга арналган ырларындагы бала психологиясы

жана алардын кыял чабыттарынын чексиздигинин чагылдырылышы №4 Деги эле, балага кандай адабият керек?- деген суроо ар дайым кабыргасынан коюлуп турганы турган. Анткени, баланын алдында чексиз кенен да, табышмагы көп ажайып дүйнө күтүп турбайбы! Мына ошол чексиз дүйнөнү кандай адабият өзүнө батырып турарын ким табат да аны балага жетерлик тил менен кантип сүрөттөп, баяндап кайра айтып да, жазып да бере алмак? Мына ушундан белем, балдар адабияты деген эмне, балдарга кандай адабият керек жана аны кантип балага жазып жеткирүү керек?- деген суроо […]

Конкурска: «Өлбөй туруп өлүп көрүү – чоң эрдик!»

№3 Ыр сели каптап турганзаманда жашап туруп,чыныгы поэзиянын үлгүсүндөгү же талабындагы ырларды жолуктуруп калсаң,жан дүйнөңдө кадимкидей майрам болгонсуйт…Анткени,азыркыргыздаыр жазбаган кишини жолуктуруу кыйын болуп калды. Интернеттегиар түрдүүаталыштагы социалдык тармактардан,мезгилдүү басылмалардан,жаңы басылган китептерденбелгилүү жана белгисиз авторлордун ырлары жайнап чыкты,чыгып да жатат. Бул жакшыбы-жаманбы,мезгилөзү таразалап берер деп,өзүбүздүжубататуралы…. Күлкүгө суз,күйүткө суз,жашка суз, Күн өткөрүп сенсиз,ансыз,башкасыз, Жашап келем жашап болбос калаада Кол чатырсыз,үй дарексиз,акчасыз… Китептин баш сөзүнөн кийинки ушул төрт сап ыр автордун өзү жөнүндө кабар берет. Адамдыбирде кубантып,бирде көңүл чөктүргөн күндөлүк нерселерге“күлкүгө суз,күйүткө суз,жашка […]