Македон эл жомогу: Конок кожоюнду угушу керек

Кышкы Никола майрамы келген күнү койчу керээли кечке кой кайтарып жүрүп келсе аялы майрамдык дасторконду алда немедей даярдап коюптур. Бирок койчу дасторконду бир карап эле нааразы боло сурайт: — Эй эмне, балык жокпу? — Базарга бара албадым, колум бошободу, — дейт аялы актанып. — Ыйык Николаны балыгы жок кантип майрамдамак элек, — койчу ошол замат базарды карай чуркайт. Шаша-буша жетип барса базар тарап кетиптир, тээтигил бурчта гана бир соодагер менен поп соодалашып жатыптыр. Койчу жетип барып эле текчедеги балыктарды көрүп […]