Абдыкерим Муратов: Босогодо уран согушу!..

же Миң-Куштун сабактары биздин Өкмөттү ойлонтпойбу? Тарыхтын тартуусубу, таарынычыбы? 1950-жылы 24-октябрда СССР Министрлер советинин № 381-1854 токтому токулуп, ошонун негизинде Кыргызстанда Миң-Куш (Кабак), Майлы-Сай, Кажы-Сай деген үч жерде тоокен ишканаларын ачуу белгиленген. Көрүпүп тургандай, Улуу Ата мекендик согуштан кийин өлкөгө темир, көмүр, дагы башка жерасты кендери аба менен суудай керек эле. Ага чейин жана андан кийин, тагыраагы 1947-1953-жылдарда Ф.Т.Кашириндин жетекчилиги менен чалгындоо иштери жүргүзүлүп, Кабак көмүр бассейни аныкталган. Мына ушул жерден жер астынан уран алынары да белгилүү болуп, аны тапкан […]

Садир ДОСБАЕВ: Рух дарагы (1-макала)

Айыл чети. Бир бай түп эбегейсиз бийик дарак. Арбайгандан тарбайып турган бутак шактары, качандыр бир убакта күндүн мээ кайнаткан аптабынан, көз ачырбай чакалап куйган кара жаандан көлөкөсүнө бир чоң айылдын элин батырып, калкалап тургандыгынан кабар берип тургансыйт. Оо анда, ал-кубаты жайында, бутак-шактарынын баары жазында текши гүлдөп, жыпар жыты жандуунун баарын мас кылчу да, жайында жапжашыл болуп жайнаган көркү көз жоосун алып суктандырса, мөмөсү бышкан убак, «ак төөнүн карды жарылган» күздөн кабар берип турчу. Айлуу түндөрдө түбүндө канчалаган кыз-жигиттер жолугушуп, жүрөк […]