Байма Сутенова: Тегирменчи кемпир

АҢГЕМЕ Эшик ачылып, ичкериге кичинекей кыз кирди. Босогодо бир азга туруп калды да анан оозу-мурдун кичинекей алаканы менен басып, бир нерседен жийиркенгендей кайра чыгып кетти. Небересинин кантип киргенинен чыкканына чейин көз айырбай карап, бөлмөнүн төр жагында төшөктө бир кары жатат. Кемпир жийиркенгени үчүн наристени күнөөлөй албай шыпты тиктеп узакка телмирди да оор үшкүрүп алды. Жамбашы талыдыбы оң капталынан сол капталына эптеп которулуп алайын дегиче болбой, бутунун тарамышы түйүлө түштү. — О, кокуй ий! Өлүгүңдү көрөйүндүн жанын болоттоп койгонбу,— наалый бутун […]

Фарсы эл жомогу: Арстан, түлкү жана чычкан

Бир күнү арыстан кой кармап алып капчыгайдын бир далдаа жерине келип жей баштады. Койдун жартысын жеп, калганын калтырып койду. Аны көрүп калган түлкү акырын жылып жакындай баштады. Эптеп этке тойсом деп ойлоду. Арстан жатып, ойлонду: «Мен го тоюп алдым, мейли эми түлкү да жеп алсын» — деп уктамыш болуп калды. Түлкү болсо кокус ойгонуп кетпесин деп койдун ичегиси менен арстандын буттарын байлап салды. Тойгончо жеди да кетип калды. Арстан турайын деди, бирок ысык күн ичегини кургатып, катырып салыптыр, ал кыймылдай […]

Жек Лондон: Мартин Иден

<<<<<<<<< Башы XLII ГЛАВА Ошентип Мартин өзүн жалгыз калганын сезген күн келди. Ал алдуу-күчтүү, саламаттыгы куландан соо эле, бирок эми кылаарга да иши жок болчу. Окуп, жазганын токтотуп, Бриссенденден ажырап, Руфтун сүйүүсүн жоготкондон кийин жашоосу үч көчкөн журттай аңылдап ээн калды. Ал жашоосундагы бул боштукту ресторандар, египет папиростору менен толтурам деп куру эле аракеттениптир. Ырасы, аны дегдетип, өзүнө азгырган Улуу океан эле, бирок анын Кошмо Штаттардагы оюну али толук бүтө электигин түшүнүп турду. Жакында анын эки китеби басмадан чыгат, мүмкүн […]

Сүйүн КУРМАНОВА: Бөөдө өмүр

АҢГЕМЕ Чачы тармал, мурду кырдач, арык кыз кыйылып, кысталып отуруп ырын окуду. Ыр окуганда баштан аяк өзгөрүп, мынчалык назик, алсыз болбой, алда канча бийиктегендей, алда канча кубаттуураактай көрүнчү. Башка убакта… баарын ичине батырган тартынчаак, ийменчээк, үлбүрөгөн жан эле. Күйөөсү дал ошол кишинин көзүн тике карай албаган мүнөзүнө «кызыгып» артынан калбай асылып жүрүп, акыры ала качып алган. Бою заңкайган, мурду кырдач, мүнөзү өткүр жигит аны дароо эле «багынтып» алган. Ансыз да өткүр жаны аны биринчи күндөн тарта эле башкарууга өткөн. Азыр […]

Мирзохалим КАРИМОВ: Менин началнигим ким?

АҢГЕМЕ Туура он жылдан кийин жүк ташуучу автобазадан чыгып, бөтөн жайга орношууга туура келди. Ар дайым үйдөн оолактап, алыс сапарга шашылып жүргөн жаным, эми айына 300 сомдон маяна таап бере турган көк кашка «ЗИЛим» менен коштошууга аргасыз болдум. Сөздүн ток этер жерин айтканда, туугандар, аялым күн сайын сүйлөнө берип, жүрөгүмдүн үшүн алды. «Элге окшоп бир начальниктин эле жеңил машинасында иштесең болот ко?» деп кулак-мээмди жеп, тынчымды алды. Акырында «ач кулактан тынч кулак» жүрөйүнчү деген бүтүмгө келип, автобазадан бошодум. Кадрлар бөлүмүнөн […]