Корей эл жомогу: Күзгү

Бул окуя адамдар күзгүнү жаңы ойлоп тапкан илгерки убакта болуптур. Бир киши кайсы бир жолу шаарга барып, күзгүнү биринчи жолу көрүп, ушунчалык таңгалып көпкө карап турат да, болгон акчасынын көзүнө карабай күзгү сатып алып, үйүнө куру кол кайтып келатып, “болбогон бирдемени алыпсың, мунуңду карагандан курсак тоймок беле, андан көрө азык-түлүк алып келбейт белең!” деген аялынын урушунан коркуп, күзгүнү короонун бир бурчуна катат да, аялына акчасын каракчыларга тарттырып жибергенин айтып, калпка калпты койгулаштырып кутулат. Анткен менен адамдын өңүн өзүндөй кылып көргөзгөн […]

Корей эл жомогу: Эки бир тууган жана желмогуз

Бар экен жок экен, көп балалуу бир жакыр үй-бүлө болгон экен. Бир күнү балдарын кантип тойгузарды билбей дайыма кыйналган эне алардын эң улуу үчөөсүн дарыяга салып жиберип кутулмак болот. Ошентип ал ойлогон жаман оюн ишке ашырып, үч уулун алдап ээрчитип барып дарыяга түртүп жиберип келе берет. Бирок эки улуусу сүзгөндү билгендиктен наркы жээкке аман-эсен чыгып, алардын эң кичүүсү гана сууга чөгүп кетет. Анткен менен балдар сүзүп чыккан жээктен нары желмогуздардын өлкөсү болгондуктан, кайрадан эле өмүрлөрүнө коркунуч туулат. Улуу бала кичүүсүнө […]

Корей эл жомогу: Сыйкырлуу жаздык

Илгери-илгери Пхеньянда бир абдан ак көңүл адам жашаптыр. Ал кичинекей дүкөн кармап, ошонун соодасы менен жан бакчу экен. Сооданы ал чынчылдык менен жасап, эч кимди алдабастан, тетирисинче, бей-бечараларга аянбай жардам берип, карыз сурагандардын ак көңүлдүк менен ажаатын аччу экен. Бир жолу анын дүкөнчөсүнө коколой жалгыз башы калган, үй-жайсыз тентиреген абышка жаман жаздыгын көтөрүп баш багат. Ал кожоюн менен аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, сүрүштүрө келишсе, экөө уруулаш жакын тууган болуп чыгат. – Менин аз эле өмүрүм калды. Балким башпаанек берерсиң,- деп жалооруду […]

Корей эл жомогу: Ыр кантип жаралды?

Ал убакта корей жерине кытайлар кургак жер аркылуу да, деңиз аркылуу да байма-бай каттап, соода кылышчу экен. Ал эми кайсы жерде ач көз соодагерлер болсо ошол жерде алдамчылык болбой коймокпу. Ушундай соодагерлердин бири бир жолу парустуу кайык менен сүзүп отуруп Ресенган дарыясына чейин жетип, деңиз жээгиндеги бир айылга токтоптур. Бул жерден ал болбогон товарларын айга, күнгө теңеп, эпчилдик менен  саткандыктан соодасы жакшы жүрдү. Бир жолу анын дүкөнүнө ушул жерлик бир сулуу аял кирип соода кылганда ал соодагерге абдан жагып калып, […]