Молдокең Алладан коркот, парадан коркпойт: Муфтияттын ажылык иштериндеги коррупция…

Үстүбүздөгү жылдын 3-май күнү «Кыргыз Туусу» гезитинин жыйындар залында журналисттерге Ислам изилдөө илимий институту «Кыргызстандагы диний абал: көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр» деген темада тегерек үстөл уюштурушту. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, Дин социологиясынын доктору Маметбек Мырзабаев, Философия илиминин доктору профессор Нур Саралаев жана дин таануучу Асан Саипов Кыргызстандагы диний абал, муфтияттагы реформалардын жетишсиздиги, ажылыктагы коррупциялык иштер боюнча жыйындын катышуучуларына жана журналисттерге кээңири маалымат беришти. Маметбек Мырзабаев: 2014-жылы  КРнын дин жаатындагы кабыл алынган Концепциясынын кандай деңгээлде ишке ашырылып жаткандыгы жана ийгиликтери менен кемчиликтери […]