Жамалбек Ырсалиев: Кошокчу Суусар апа

Өзүнөн да улуу таяктай сезилген куу жыгачты таянып, бүкүр кемпир үйүбүзгө келер эле. Эшиктен кирип келатып сүйлөнүп: — Күйүттүү катын кошокчу, — деп көп айтып калчу. Айылда бирөө-жарым каза болсо, Суусар апаны издеп калышканын көп көрдүм. Себеби, созолонтуп ырдагандай, уйкаштата куюлуштуруп кошок кошчу. Кошокчу кемпир атка конгон. Эмнеге Суусар апаны эстедим? Анткени, сөздүн күчү кыйын экен. Кошок кошуп жүрүп, турмушун кошок коштоп өттү. Эркек баласы жок болгондуктан, жалгыз кызынын ортончу баласын эш тутуп багып калды. Ал мени менен классташ болуп, […]