Жылкычы ЖАПИЕВ: Короз эмне үчүн кыйкырат?

ЖОМОК Бул илгери-илгери болгон экен. Ал убакта деле күндүзү асмандан Күн нуру чачырап, түндөсү миң-сан жылдыздар жыбырап, Ай каалгып жылчу экен. Анан күн менен түн улам алмаша берип, ай, айлардан жыл, жылдардан кылым куралып, бу жомок да тээ байыртадан биздин күнгө чейин жетип туру. Ошол илгери-илгери канаттуу куштар өздөрүнчө бир хандыкка баш ийип, алардын ханы Жору болуптур. Жору хандыкка карөзгөйлүгү менен жетет. Ал мындайча: Мурда куштар өз алдынча,эркин жашачу экен. Бүркүт бир күнү болот тырмагын чечип коюп күнөстө уктап жатканда […]

Бекташ ШАМШИЕВ: Акын-жазуучулар бийликке кол бала

Жеке архивди аңтарып отуруп таап алдым. Бекташ байкебиз менен жакшы аңгемелешкен экенбиз. Адабиятчы катары сергек ой калчаптыр. «Кайталагандан келме бузулбайт» деп бир кезде «Де-фактого» жарыяланган маектешүүбүздү кайрадан окуй берсек да болчудай. Эскирбептир. Кызыктуу… — Коомчулукта кийинки күндөрү чыгармачыл кошуундардын турмушка кереги жок деген пикирлер айтыла баштады. Сиздин пикир? — Мен да базар экономикасынын шартында өлкө казынасына жүк болгон чыгармачыл уюмдардын кереги жок дегем. Социализм учурунда бөпөлөнүп келген чыгармачыл интеллигенция азыр бечара кейпин кийди. Өзгөчө, улуу жана орто муундагы акын-жазуучулар. Алар мурда […]

Эсенбек КУДАЙБЕРГЕНОВ: Молонун сыры

АҢГЕМЕ Алар бүгүн кык жыттанган таш короону калтырып талаага жөнөшмөк. Кызыл аскадагы Ак-Эркечти карай акыркы жолу көз чаптырган Кумар ичинен кейиштүү. Ка-ап, – деп алыштын бат эле бүтүп калганы ай. Болбосочу, те эркечтер турган аскага чыгып, бийиктен дүрбү үйрүп карабайт белем. Сонуну тарабай калган Кумардан оюн баамдаган чоң атасы небересине: — Уулум, торуну токуп койдум. Күн кыска, жолубуз кыйла бар, эми бастыралы. Калган черди дагы бир дем алышта жазарсың, – деди эркелетип. Учкашкандар желе-жорто ничкенин сайын өрдөп, күмүш булактын шыңгыр […]