Жунай Мавлянов: Жек көрөм

АҢГЕМЕ Ата-энеден жалгызмын. Шаарда туулуп, шаарда өстүм. Атам мен төрткө чыкканда, өз оорусунан каза болот. Ошентип, энем жыйырма сегиз жашында жесир калыптыр. Аялдын ошол жашта отуруп калганы сейрек учурарын чоңойгондо билип жүрбөймүнбү. Эри өлсө, зайыбы башка эрге тийгени, тескерисинче, аялы өлсө эри башкага үйлөнгөнү эзелтеден бери келаткан турмуш салты, тагдырдын буйругу экен го. Эмне үчүн менин энем күлгүндөй жаш курагын, атайылап суу куйбаган дарактай мезгилсиз соолутуп алганына алиге түшүнбөйм. Аны аяйм. Кээде ачык эле: «Туура эмес кылгансыз, апа, атамын арбагын […]

Рысбаев Сулайман: Шамбала

Жомоктор Кыш келип, кар жаап, суулар тоңуп, жолдор тайгак болду. Абышка-кемпирдин жагар отуну калбады. Тепейген үйүн жылытмак турсун, тамак да жасап иче албай калышты. Абышка абдан карыган эле да, токойго барып отун алып келүүгө алы жетпеди. Ошондо эмне кылар айласын таппай, оокаттуу кошунасына жалдырап барышты. Кошунасы абдан бай эле, өзү чоң кызматта иштечү. Үч кабат үйү, жалтыраган кооз машиналары бар. Курсагы салаңдап, күн сайын семирип баратат… Бай кошунасы абышка менен кемпирге бир көмөч нан, анан бир шам берди да: — […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Оюнчук

ЭССЕ Бала кезимдеги бир оюнчугумду узак жылдардан бери издеп жүргөм. Ал оюнчугум ошондо эле жоголуп кеткен. Үлүлдүн (чүлүлүйдүн) формасына окшош – тегерек, ортосунда карандаштай сабы бар, аны басып койсом тегерек оюнчугум тегеренип көпкө турчу. Сары, кызыл, көк сызыктары бар эле. Башка оюнчуктарымдай куурчак, топторду көп жолу балдардын колунан көргөндүктөн го… издегеним, сагынганым жок. Ал эми, тигил “тегеренген” оюнчугумду оюнчук ойнобой калган мезгилден баштап издей берчүмүн. Оюнчук саткан жерлерге кирсем көзүм издечү, балалыгымды эстесем оюм менен издечүмүн. Ал оюнчугум табылчу эмес. […]

Лао МА: Үй күчүк

Кытай адабиятынан Орусчадан которгон Назгүл ОСМОНОВА АҢГЕМЕ Ду мырза кайтыш болду. Мен бул жаңылыкты гезиттен окудум. Андан өлгөн кишинин сөөгү эбак жерге берилгенин да билдим. Топурак салууга катыша албаганым аянычтуу болду. Ду мырза менен коштошуу аземине анын илимий чөйрөдөгү көптөгөн достору барышыптыр. Алардан сырткары дагы бир маанилүү конок болуптур, ал маркумга гүлчамбар көтөрүп келген мамлекеттин жогорку бийлигинин өкүлү экен. Мен алапайымды таппай турдум. Ду мырза менин окутуучум болгон. Мен болгону анын миңдеген окуучуларынын бири болгон күндө да мен анын тажиясына […]

Ынтымак жөнүндө притча: Күнөөлүү эрди-катын

Коңшу жашаган эки башка үй-бүлө болуптур. Бири качан болсо ыр-чыры бүтпөгөн, бири качан болсо эриш-аркак, бейпил турмуш сүргөн бүлө экен. Бир курдай бейпил турмушта жашаган коңшусуна ичи күйгөн бейжай бүлөөнүн зайыбы күйөөсүнө айтып турганы: – Коңшунукуна баш багып эмне үчүн алар дайыма тып-тынч жашаганын байкап келсең. Күйөөсү жөнөйт. Дабыш чыгарбай байкоо сала баштайт. Караса, коңшусунун зайыбы үйүнүн тактайын жууп атып, бир нерсеге алаксып кухнясына жөнөйт. Ошол тапта күйөөсү үйдүн босогосун аттай берерде, байкоостон чакага мүдүрүлүп, ичиндеги суусун төгүп алат. Тарса-турс […]

Кыска жана күлкүлүү жомоктор

Таарынчак кемпир Абхаз жомогу Бир кемпир түш көрүптүр. Түшүндө бийлеп аткан болот. Ойгонуп кетип, кол чаап коштобогону үчүн  жанында жаткан чалына жини кайнап баштаптыр. Карганын кантип пиво жасаганы Лит жомогу Пиво арпанын үрөнүнөн жасаларын карга угуп калат. Анан ал арпанын үрөнүн табат да чалкыган деңизге таштап коёт. Мына анан жээкке отуруп алып деңиз суусунан жутуп, мактай баштаган экен: – Вах, канча көп ичсең, ошончо даамдуу го, чиркин. Пиво кайнаткан ушул турбайбы! Талашты басуунун эби Тажик жомогу Апенди менен кошуна турган […]

Адеп аңгемелери: кошунага мамиле

Абдыкерим МУРАТОВ «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Ислам дининде адамдын ыймандуулугун билүүнүн бир ченеми анын кошунасына кылган мамилеси менен аныкталат. Мухаммед пайгамбарыбыз хадистеринде: «Силерге коңушуларыңыздарга жакшылык кылууну буйрамын», — деп айтат. Жакшы кошуна жандын ырахаты, жаман кошуна бир өмүрүңдү өкүнүчтө өткөргөндүк. Гөрүңдө да кошунаң тынч болсун делет. Кошунаң тынч болбосо сенде да тынччылык болбойт, кошунаң ачка болсо сенин тамагыңдан оокат өтпөйт. Дин китептеринде кошунага урмат, ызат, сый менен мамиле кылуу керектиги айтылат. Чыгыштын раваяттарынын бирине кулак төшөңүз: Иран шахынын […]

Насыпбек АСАНБАЕВ: Болбогон нерсе

АҢГЕМЕ Эки-үч күндөн бери байкаса тиги мусулман кошунасы көрүнбөй калган экен. Адатта, мечиттен калбай намазын кылып же короосундагы бак-шагын карап күдүңдөп жүрө турган. Андан дагы, өтө билимдүү киши болсо керек, адамдар тынбай эле келе берчү. «Аалым, олуя, устат» деп дегеле жерге-сууга тийгизбей көтөрмөлөп да турушат ага келгендер. А тиги жарыктык болсо алардын минтип даңазалап атканын дегеле таназарына да албайт окшойт. Кандай адам келбесин, баарына бирдей мамиле кылып, карапайым жүргөнү жүргөн. Анан калса анын адамгерчилигин айт. Ушул өзүнө кылган мамилеси эле […]