Армян адабиятынын классиги Наапет Кучак Азамат Төкөровдун котормосунда

Наапет Кучак – орто кылымдарда жашап өткөн армян акыны. Туулган жылы белгисиз. 1592-жылы өлгөн деген божомолдор бар. Сөз кылышат бизди элдин бардыгы, Сүйүшкөндүн эмне, барбы айыбы? Көралышпайт неге биздин жыргалды, Көңүл сүйсө – анын кайсы жазыгы? Кайда барсак аңдып, бизди сурашат, Артыбыздан ушак менен уулашат. Биз эч кимди өлтүрбөдүк, сүйүштүк, Деги бизден адамдар не каалашат ? *     *     * Мактанат толгон Ай көктөгү Ашык деп көркүмө бүт аалам. А бирок сенден да көркөмдүү, Айды мен жатамын кучактап. Кааласаң көрсөтөм жамалын, […]

Габриэла Мистральдын поэзиясы Назгүл Осмонованын котормосунда

Чили акыны Габриэла Мистраль 1889-жылы төрөлүп, 1957-жылы көз жумган. 1914-жылы ошол кезде аты-жөнү эч кимге белгисиз болуп, кичинекей Лос Андес шаарында мектепте мугалим болуп иштеген Габриэла Мистраль борбор шаардагы “Гүл оюндары” аталган адабий сынакка “Өлүм сонеттери” деген чыгармаларын жиберет. Башында атактуу Чили акыны Манэль Магаляненос Моуре турган абройлуу конкурстун калыстар тобу (сынакка төрт жүздөн ашуун чыгарма келип түшкөн) Габриэлага башбайгени ыйгарып, ага орхидея гүлүн, алтын медаль жана лавр гүлчамбары менен диплом берилет. Сыйлык тапшыруу аземинде белгисиз бойдон калууну чечкен Габриэла […]

«Котормо өнөрү» – изилдөөлөргө чыйыр салуучу саамалык

Белгилүү журналист Жыргалбек Турдукожоев менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын доценти Тамара Козубекованын “Котормо өнөрү” китеби басмага тапшырылды. Кыргыз лингвистикасындагы котормонун теориясы жана тажрыйбасы —  бул ар тараптуу, кеңири жана терең илимий-изилдөөлөрдү талап кылган, азырынча чети оюла элек көйгөйлүү маселелери арбын тармактардын бири. Аталган эмгек — ошол алдыдагы изилдөөлөргө чыйыр сала турган саамалык. Ушул кезге чейин кыргыз тилине которулган көркөм адабият чыгармаларынын жана маалыматтык материалдардын дээрлик 95 пайызы орус тилинен которулуп келген жана азыркы учурда мурдагыдай чоң көлөмдө болбосо дагы бул […]