Кожогелди Култегин: Карыялар каякта, карыялар?

Кыргыз акын-жазуучуларынын көбү маек курганга келгенде өтө чоркок, өтө мажүрөө, өтө маани-маңызсыз аңгеме-дүкөн курганга көнүп алышкан. Өздөрүнүн чыгармачылык өмүр-жолун таржымалдап берүүдө ымандай сырын анардын ширесиндей чачыратып айтып бергендери чанда. Көпчүлүгү өздөрүнүн кургак насааттары менен окурман журтун карк кылып тойгузганга көнүп алышкан. Кээси оозун ачканда эле кудум илгерки компартиянын кызматкери же дүйнөнүн классик жазуучуларынан бетер чычайып, ошолордун «позасына» кирип, элге акыл үйрөтө башташат… Ал эми биздин бүгүнкү мейманыбыз – Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин андай сөзү кургак акын-жазуучулардан эмес. Өзүнүн жүрүм-туруму, […]

Кожогелди Култегин «Партиядан партия алмаштыргандарды Племянниковага салыштырам» дейт

Маектешибиз — Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын «ТҮРКСОЙдогу» өкүлү Кожогелди Култегин. — Кожоке, сизди кийинки кездерде фейсбуктан арбын көрө баштадык. Фейсбук дагы алысты жакын кылган жакшы нерсе окшойт? — Менин те мурда жазган бир таамай сөзүм бар эле: “Ар бир адам өзүнүн баласы менен кошо жетилет…” – деген. Анын сыңарындай, болбосом болбой атып, балдарым жетелеп киргизди. Аргасыз макул болдум. Балдарым менен кошо (бир аз артыраакта) жетилип атам. — Кандай негиздерден улам макул болдуңуз? — Биринчиден, өзүң билесиң, биздин чыгарган китептерибиздин […]

Кожогелди Култегиндин кожо сөздөрүнөн (экинчи топтом)

* * * Эки гана чыныгы партия бар. Экөөнүн атаандашканын айтпа да, тирешкенин айтпа! Кайра ынтымактуулугучу – өрүлүшүп! Бири-бирине таянч, тирек! Аялдар партиясы менен эркектер партиясын айтып жатам. Калгандары бүт жасалма, туруксуз немелер (партиялар). * * * Балалыгыңды жазданып жатпасаң – башың пас болот. * * * Адамдын оңкосунан жыгылганын көрсөк – унчукпай карап турабыз. Арактын (оозу ачык арактын) оңкосунан жыгылганын көрсөк – колду силккенче кокуйлап бакырып ийебиз! * * * Каламдын учу – ааламдын учу! * * * Бырыштарды […]

Сергей ЕСЕНИН: Фарсы кайрыктары

Кожогелди Култегиндин котормосунда * * * Мазем кетип, зорго келдим өзүмө, Масчылыктын калжырагы арылап. Тегерандын гүлүн тиктеп көшүлө, Чайканада жатам башты дарылап. Далдайган бу кожойуну чарк уруп, Даңазалайт чайканасын оруска. Утур-утур койуу памил чай сунуп, Ушуну ич дейт арак-шарап оорутса. Чайга кысташ милдетиң го, милдетиң, Чарбагыңда розалардын көптүгү-аа! Ары жактан ача койуп чүмбөтүн, Азыр бирөө көзүн кысып өттү маа. Биз, орустар жаздай жаркын кыздарды Ит сыйактуу байлабайбыз чынжырлап. Акысы жок өбүшүүнүн – жыргалдын, Адат эмес канжар сууруп… чыр кылмак. Ал […]

Сергей Есениндин поэзиясы Кожогелди Култегиндин котормосунда

* * * Сен мени сүйбөйсүң да, айабайсың, Же анча сулуу эмес деп ойлодуңбу? Нестейе, жүзүмдү да карабайсың, Ийниме арта салып колдоруңду.   Жаш селки, даарып сезим – энтелепсиң, Өбөм же сөгөм – билбейм кантеримди. Эстечи, канчаларды эркелеттиң? Эриттиң канча колду, канча эринди?   Өттү бүт көлөкөдөй, каран калгыр, Туш келбей жалыныңа – итеңдесең. Олтурдуң тизесинде далайлардын, Олтурсуң азыр менин тиземде сен.   Көзүңдө көп иш жатат чала жумук, Ойлонуп жатасың го башка жанды. Жалындап сүйбөй мен да – айлам […]

Кожогелди Култегиндин котормосундагы казак акыны Темирхан Медетбек

КӨКТӨМДӨГҮ СҮРӨТ Түнү менен жааган жамгырдан Дүйнө салбырап, Басылып калыптыр. Жердеги чалчыктар – Жыртып-жыртып таштаган Фотосүрөттөр сыяктуу Ар жерлерде Чачылып калыптыр. Үзүм-үзүм Чалчыктын бирөөсүндө Көмкөрүлгөн асман Сынып жатат. Бирөөсүндө Сөөмөйдөй болгон Чыбык жатат. Бирөөсүнөн Бутакта бүрүшүп олтурган Таранчы көрүнүп, Бирөөсүнөн Токтоп турган машинанын Капталы жаркыроодо. Бирөөсүнөн Кермедеги алынбай калган Алда-кимдин Көйнөгү самтыроодо. …Булут түрүлүп, Асмандын бир чети ачылып жатат… Үзүм-үзүм чалчыктар Жыртылган фотосүрөттөр өңдүү Кара жердин бетинде Чачылып жатат. (Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)   ЧАБЫТТАГЫ АКЫН Мына бул акындын Шамал күнкү […]

Евгений ЕВТУШЕНКО Кожогелди Култегиндин котормосунда

АРМИЯ Палатада радиону басайтып, жарадарлар баштан сылап – муюп биз, Зимадагы госпиталды тазартып, балдар хору концерт бердик унуткус. Башташ керек дегенди угуп тикийди, деми күчөп, айланайын, баарынын – балдар, кыздар эки катар тизилди алдында ушул согуш каармандарынын! Одурайып олтургандар – дос ошо, көзү чуңкур, кабагы оор – карашып. Ал-ансайын момураша, бошошо, анткен менен тиктейт бизди аяшып. Согуш соолтуп – оорук кандай кичирген, кан-сөлү жок, арык баары – жарымдай. Айрык, көөнө пальтолордун ичинде аларга биз – согуш каармандарындай! Көз караштар учкул, […]