Төлөгөн КАРЫКЕЕВ: Табуретка

САТИРА «Баа» – деп бакырып жарык дүйнөгө алгачкы башбаккандан бери кресло минип келатканым келаткан. Эң биринчи креслом бешик болду. «Алтын бешик» деп коюшчукен, мага ошо жылтыраган темири бөтөнчө жакты. Ошондон уламбы, бешикте бери жагы беш жыл жаттым. Артымдан «аңдып» келген инилериме бешикти бергим келген жок. Алар бок-сийдикке аралашып жөрмөлөп жүрүп эле, жетиге чыкканча жерден таяк жеп жүрүп эле, мени терметип жүрүп эле кол арага жарап кетишти. Беш жашымда бешиктен түшүп, табуреткага отурдум. Мурдагы «Бешик сакчы» деген каймана атым өчүп, «Табуретка» […]