Кубанычбек АРКАБАЕВ: Аргаң жоктон ай ля вю дейсиң акыры

— Эй токто! Бүгүн кайсыл күн экенин билесиңби ыя? — Билем, 14-февраль, күнгө бейшемби. — Пайшамба десең өлө сексуалдуу угулат. — Пай-шам-ба, чо то не звучит. Жети күндө келе берип жешилип бүткөн окшойт. — А 14-февраль ыйык Валентиндин сүйүшкөндөр үчүн күнү десеңчи? — Чубалжыйт ко тимеле. — Чубалжыса да жылдын эң кыска күнү ушул. — Кандайча? — Эң жыргал кез — эң кыска кез. — Заматта жыргатам дечи. — Дароо! Көрүшөсүң, сүйлөшөсүң, өбүшөсүң. — Сутенер болуп иштейт окшойсуң ээ ушу […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Калп айт, карьераң өсөт

САТИРА Тим эле акыйкаттыкка акыйып жетпей жүргөнсүп: — Оо Улуу Чындык, — деп күңгүрөнүп коёбуз кээде. Калптын калдайган көлөкөсүндө кайыгып калгансып «Бул калп» — деп чыркырайбыз чындап эле. Аа ошол чындык менен калптын баары (алардын ичиндеги өзүбүздүн былыктарыбыз дагы) чыгып кетчү болсо аалам аңтарылып кетерин билсек да өлүмүшпүз… Омээй эй, жалган менен чынды койгулаштырып калп эле философтонуп кеттим окшойт кой, айтаар сөзүмдү айтып тынайынчы. Акыйкаттык каякта экенин көктөгү Кудуреттүү Кукебиз эле билээр, а мен анын кулпендеси болгон Кукең калп биздин […]

Василий ШУКШИН: Петька Краснов курган аңгеме

Куяңын дарылатканы түштүккө барып келген Петька Красновдун аңгемесин угуш үчүн туугандары чогулушту. Так эле ишемби күнү кайтып келип, өздүк мончосунун буусуна кактанып, бир дагара ташмуздак сууну башынан ылдый куюнган соң, “мыйзамдуу жүздүгүн” бастырган Петька кечки тамак учурунда аңгемесин баштады. Ал негизинен сөзгө жок, дайыма шашылып сүйлөп, бешинчи сөздөн онунчу сөзгө аттап-буттап кеткенине жараша тили так эмес (ш тыбышына тили келбей аны с тамгасына айлантып сүйлөйт). Анын үстүнө дайыма эле өзүн ушунча киши минтип кунт коё укпаганынан кийин азыр катуу толкунданып […]

Болгар жомогу: Таранчы менен түлкү

Илгери таранчы менен түлкү жакшы достордон болуптур. Түлкү кайда чуркаса таранчы да ошол жакка уччу экен. — Таранчы дос,- деп кайрылыптыр түлкү бир күнү. — Кел экөөбүз буудайды чогуу айдайбыз. — Мейли, айдаса айдайлы,- макул болду таранчы. Ошентип экөөнүн аракети менен буудай айдалып, өсүп, бышып-жетилип, орула турган кези келди. Ошондо түлкүнүн жалкоосу кармап, куулугуна салып таранчыны алдамай болду. — Таранчы дос, сен эгинди оро бер, мен тиги тоого чыгып асманды көтөрүп турайын, болбосо ал түшүп кетип, бүт эгинибизди басып калат. […]

Авар жомогу: Түлкү менен төө

Бир жолу төө талаада жайбаракат оттоп жүрсө түлкү анын жанына келип: — Эй ыйлаак! Менин жериме жайылгандай кандай акың бар? Көзүмө көрүнбөй жогол! — Кандайча бул сенин жериң?- буркулдады төө. — Ошондойчо! Бул жер мага атамдан мураска калган. Ага болсо чоң атамдан энчиленген. Эгер сен буга ишенбесең күбөнү чакырам,- деген түлкү карышкырды ээрчитип келди. — Эй, ийри тумшук! Сен эмне бөтөн бирөөнүн коругунда оттоп жүрөсүң? Бул күнөөң үчүн мен сени жешим керек!- деп ыркырады бөрү. — Туура кыласың, эң туура […]

Конфуций чынчылдык жөнүндө

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан “Конфуцийдин дүйнөгө кеңири таралган ойлорунан” аталышындагы китеп басмага даярдалды. Улуу ойчулдун орус тилинен которулган учкул сөздөрү окурмандарыбыздын чоң кызыгуусун жаратарынан шегибиз жок. * * * Цзы-лу сураган: “Устатым, мен сиздин умтулган максаттарыңыз жөнүндө билгим келет” Конфуций мындай жооп берген: “Кары-картаңдар ден соолукта болушса, достор  бири-бирине ишенишсе, жаштарга кам көрүлсө дейм”. * * * Конфуций айткан: “Үч жакшы  жана үч жаман дос болот. Жакшы достор: ак ниеттүүлөр, чынчылдар жана түшүнүгү кенендер. Ал эми жаман […]

Бразилия жомогу: Адамдын жашоосу

Укканыбызга караганда бир жолу камыш менен таш катуу талашып кетишиптир. Алардын ар бири адамдын жашоосу дал өзүнүкүндөй болушун каалашыптыр. Таш мындай дептир: — Адам өмүрү дал мына меникиндей болушу керек. Ошондо гана ал түбөлүк жашайт. Камыш каршы чыгат: — Жок, жок, адамдын жашоосу дал мына меникиндей болушу керек. Мен өлөм, бирок кайра эле өсүп чыгам. Таш: — Жок, андай болбошу керек! Андан көрө адам мендей болсун. Мен ыркыраган шамалды дагы, шатыраган жамгырды дагы тоготпойм. Ысыкка, суукка, отко моюбайм. Менин жашоом […]

Австралия жомогу: Илегилек менен карга

Бир кезде Илегилек менен Карга адам болушуптур. Ал тургай экөө Кудайдын алдында антташкан достордон болушкан дешет. Кайсы бир күнү Илегилек Карганы конокко чакырат. — Мен тор салып көп балык кармадым,- дейт Илегилек Каргага.- Келип сый көрүп кет, досум. — Болуптур досум, барам,- дейт Карга. Карга токулган себети менен таш балтасын алып, Илегилектикине жөнөдү. Күн суук эле, Карга ачка болучу, андыктан Илегилек кармаган балыктарды ойлоп баратты. “Илегилек өзү ак көңүл жакшы киши,- деп өзү менен өзү сүйлөштү Карга. — Ушундай досум […]

Француз жомогу: Карышкыр, үлүл жана аарылар

Бир жолу бөрү токойдо келатып үлүлдү басып алды. Ал убакта жаныбарлар адам сыяктуу сүйлөшө алышчу экен. Үлүл карышкырга мындай дейт: — Сен кандай гана жаман жаныбарсың! Эмне үчүн алсыз, кичинекейлерди тебелейсиң? Кайсыныңа мактанасың? Мени кыбыр дебе! Кааласам сенден тез чуркай алам. Жарышчу болсок сени досторуңа кошуп күйүктүрүп койом, билип ал… — Ушу сенби?! Хе-хе-хе! Жаман күлүксүң го, кыбырап… — Ооба, мен күлүкмүн! Ишенбесең эртең күн чыкканда досторуңду ээрчитип алып дал ушул жерге кел. Жарышабыз! Ким биринчи деңиз жээгине жетсе – […]

Англис жомогу: Камыш кийимчен

Анда уккула балдарым! Качандыр бир бай жашаптыр. Анын үч кызы бар экен. Бир күнү кыздары аны кандай сүйөрүн билмекчи болот. Ал биринчи улуу кызынан сурайт: — Айтчы кызым, сен мени кандай сүйөсүң? — Өз өмүрүмдү сүйгөндөй сүйөм! — Бул жакшы, — деген бай ортончу кызынан сурайт: — Сен мени кандай жакшы көрөсүң кызым? — Бүткүл ааламдан да сизди гана сүйөм! — Бул эң жакшы, — деген бай кенже кызынан сурайт: — А сен мени кандай көрөсүң кызым? — Мен сени […]

Америка жомогу: Абалдан чыгуу

Бир янки кеч күздүн суук кечтеринин биринде Жаңы Лондонго келет. Албетте, узак жол басып чарчап, ат үстүндө үшүп келген ал жылуурак ашкана таап, от боюнда талыкшып отуруп, жакшылап тамактанып  алууну каалайт. Бирок ал кайсы  ашканага кирип ыңгайлуу жай издебесин, андай оттун табы тийген орундардын баары эле бош эмес болот. Андагы тамылжып тамактанып отургандар алыстан келген коноктун абалын дегеле түшүнгүлөрү келишпейт. Орун бошотмок тургай, жада калса жылытып алган орундарынан аз-маз жылып дагы коюшпайт. Ошондо куулугун карматкан янки четтеги капталдан аңылдап суук […]

Ирлан эл жомогу: Калпакчандын окуясы

Дайыма чокусун ак кар басып жаткан Галтий тоолорунун этегинен башталган айтылуу Ахерлоо өрөөнүндө жонунда төөнүкүндөй өркөчү бар, андан улам бүкүрөйүп турган бир кембагал эргежээл жашачу. Башка эргежээлдер сыяктуу эле ал кодо бойлуу жана итирейип арык болгондуктан талаада иштегенге шайы жок болучу. Ошондуктан ал мажүрүм талдын майда бутактарынан чабыра токуп, базарга алып барып сатып оокат кылуучу. Өзүнүн ушундай кебетеси менен тагдырына карабастан ал шайыр мүнөздүү, жашоону сүйгөн жан эле. Жумуш убагында ырдаганды да жакшы көрчү. Анан ал жонундагы өркөчүн айтып тамашалашканды, […]

Алча түстүү мышык

Америка жомогу Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын башында  Нью-Йорктун сейректиктер Музейинин кожоюну Барнемдин кабинетинин каалгасын кимдир бирөө какты. — Кириңиз! — деп кыйкырды ал. Эшик кең ачылып, бөлмөнүн босогосун калбаат аттап, кадимки  америкалыктардын көзүнө көнүмүш  янки өз үйүнө киргендей шыдыр баш бакты. Ал өзүнө көрсөтүлгөн орундукка жайланыша отуруп, сунушталган кызгылт түстүү шарапты серпип жиберип,  музей кожоюнуна мылжыя жылмайып үн катты: — Сиз мистер Барнем болосузбу? — Дал үстүнөн түштүңүз! — дилгирлик менен жооп берди мистер Барнем. — Андай болсо мындай! — […]

Кыйтырдын кеңеши

Дат жомогу Ютландияда колдон суурулган эки алдамчы жашашыптыр. Биринин  эл койгон ылакап аты Шыпыр, экинчисиники Кыйтыр экен. Экөөнүн кылган иштери  алдамай болгону менен бири бирин таанышчу эмес тура.  Бирок алар акыры жолугушушуп,  алдамчылыктарын сынашып, ал мындайча болуптур. Бир жолу кайран Шыпыр бир эле уюн жети касапчыга сатып акчасын жок кылат. Бирок бул жолу ал канчалык далбастаса дагы жети жагынан жети касапчы жети ач  карышкырдай талап, соттун алдына алып  барышат. Башы менен жер сүзсө дагы түзүк ой,  оң арга таппаган Шыпыр […]