Кубатбек Жусубалиев: Конфуций деген кыргыз болгон

«Асабанын» баяндамачылары — Кубат Жусубалиев, Чоюн Өмуралиев, Шералы Назаркулов баян курат… К.Ж.: -Кыргыздарда бир топ бузарлары болот. Эмесе мен топ бузар болуп берейин. Өзүңөр билесиңер, мен чоң бузармын. Биздин сүйлөшө турган кебибиз руханий маселе болсун деп атасыңар. Анан ушунун тегерегинде сөз кылалы деп атасыңар. Анан кийин мен муну айтайын дедим. Менимче бул дүйнөнүн эң опурталдуу болуп кетиши — анын саясатташып кетишинде. Азыркы дүнүйө, эң коркунучтуу, эң опурталдуу, эң кыйкырыгы-сыйкырыгы көп. Эмне үчүн? Саясаттын көптүгү, эй. Турмуш бүт саясатташып кеткенде эмне […]

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: Кыргыз адабиятында подтексттүү чыгармалардын жаралышында сырткы адабий таасирлер

К.Жусубалиевдин «Күн автопортретин бүтө элек» повестиндеги подтексттин көркөм функциясы 1950-жылдарын аягы, 1960-жылдардын башында жалпы эле совет адабиятынын тарыхында өзгөчө бир темп менен жандануу, жаңылануу процесси жүргөн. Буга ошол мезгилдеги коомдогу айрым терс көрүнүштөрдүн бетин ачып, жеке адамга сыйынуучулукту четке каккан хрущевдук жаңы саясат жана көркөм адабияттагы «конфликтсиздик теориясынын» ашкерелениши түздөн-түз себеп болгон. Адабий процесстин өнүгүүсүндө зор мааниси бар бул көрүнүштөрдү кыргыз профессионал жазма адабиятынын өнүгүшү үчүн сырткы фактор деп эсептей турган болсок, ушуга тушташ анын ички потенциясы дагы өнүгүүнүн жогорку […]

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: Изденүү кумары

Чыгармачылык чыйырдын башталышы Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылыгы аны менен замандаш-калемдеш жазуучулардын чыгармачылыгынан таптакыр айырмаланып турган өзгөчөлүктүү көрүнүш. А.Токомбаевден тартып бүгүнкү күндө төбөсү көрүнгөн кыргыз жазуучуларынын дээрлик бардыгы реалисттик адабиятты жаратуучулар болушса, К.Жусубалиев кыргыз адабиятындагы бирден бир модернизм, постмодернизм багытындагы чыгармаларды жараткан жазуучу. Ырас, К.Жусубалиевдин алгачкы «Тоолорго жаз кеч келет», «Жол боюндагы теректер» аттуу аңгемелери жана «Күн автопортретин тартып бүтө элек» (1963) повести реализм методунун негизинде эле жазылган. Бирок анын ушул алгачкы чыгармаларынан эле айрым адабиятчы, жазуучулар адаттан тыш белгилердин, «өзгөчөлөнүү» аракети […]

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ: Кузгундан үйрөнгөн саясат

Эл алдында чачырап, төгүлүп сүйлөш керек. Бирок киши эл алдында чачырап, төгүлүп ырдай алат, сүйлөй албайт. Элдин сүрү бар. Бул сүр аябай олуттуу. Ырга гана баш ийет. Кыргыздар муну байыртан жакшы билишет. Мышык этин жеп, күрүчүн түртүп койгондой, жаман-жакшыларын алдыга түртүп чыгарып койушат. Мени өткөн жумада «Асабанын» майрамында алдыга түртүп чыгарып койушту. Чачырап төгүлүп сүйлөй албадым… Улуу күч сүйүү гана кишини төгүлтүп чачыратат. Күн ошентип чыгат. Илгерки китептерде Күндү кудайдын жашаган үйү дешет. Ошондо мени бир жөнөкөй нерсе таң калтырды. […]