Болгар жомогу: Киши менен коён

Бир жолу кедей киши токойдо келатып бадалдын түбүндө жаткан коёнду көрүп калат. Кубанып кеткен киши кыялга батып, өзүнчө сүйлөнө баштады: — Мен эми мындан ары жакшы жашай баштайм! Бул коёнду кармайм да, сатам. А түшкөн акчага чочко сатып алам. Ал мага он эки торопой тууп берет. Торопойлор чоңоюп, ар бири он экиден торопой тууйт. Анан менде эт көп болот. Эттин баарын сатып, акчасына жаңы үй курам, чарбачылык жүргүзүп, малайларды жумшайм да катын алам. Ал мага эки уул төрөп берет. Уулдарым […]

Болгар жомогу: Ач көздүк жакшылыкка алып келбейт

Бир жигит базарга жумуртка сатканы жөнөдү. Жумуртка салган себетин таягынын башына илип, ийнине арта салып көтөрүп алды. Ошентип жигит жол тартып келатып кыялга алдырып, минтип өзү менен өзү сүйлөшө баштады: — Мына мен үч жүз жумуртка алып базарга баратам. Булардын ар бирин бир сомдон сатсам үч жүз сом болот, а эгерде жолум болуп эки сомдон сата алсам — алты жүз болот. Ал акчага чоң чочко сатып алам. Аны мен жарым жыл, жок үч ай бакканымдан кийин татынакай он эки ургаачы […]

Айсалкын СООРОНБАЕВА: Чаташкан ойлор

ЭССЕ Сүйүү, сүйүү демекчи, менин да жүрөгүмө жаңыдан сүйүү түнөгөн кез эле. Анан кайдан-жайдан тагдыр жолумда күтүүсүз бурулуш болуп кетип, жүрөгүмдүн ачкычын жоготуп алгамын. Ошол күндөн баштап ачкычы жок жүрөгүмдө аруу сүйүүм катылган боюнча кала берди. Ооба, андан бери биртоп жылдар өттү. Ошентсе да мен үчүн ошол кездеги аруу сүйүүм сыяктуу, ачкыч да күнү-күнкүдөй жылтырап, сынын жоготпой жүргөндөй сезиле берет. Бирок андай болушу мүмкүн эмес го. Мен ушунча эскирдим, жүрөгүмдүн ачкычы да эмдигиче эскирип, дат басып, тиштери саргайып калгандыр. * […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Менин уулум

АҢГЕМЕ (автобиографиялык чыгарма) Үч тоголок эле картошка аарчымакмын. Чоң кастрюлга үйүп-жыйып, толтура аарчып коюптурмун. Такыр токтобогон купуя бир кыял-тилегим мени ушинтип өзгөртө баштады. Уулум — Дээр жөнүндө кыялга батсам эле ушинтем! Бир үйгө бараткан болсом, андан ары өтүп кетем. Кошунам тамак жасаганга бир чыны май сурап келсе, мен үйдөгү майдын баарын колуна карматып коём. Буга окшош мисалдарым абдан көп. Мына эми, бир кишилик эмес, беш киши жесе да артып кала турган картошканы жайнатып аарчып алып карап олтурам… * * * […]