Нурадил Рыспаев: Кузгундар

ПОЭМА Үӊкүр эмес, өз үйү, өргөсү бар, Үйдөй эмес, үӊкүрдөй бөлмөсү бар… Үч залкарды батырат жалгыз бөлмө, Үмүтү бар, жарыкта өлбөсү бар… Табигаттан алакан түрүп сурап… Тар бөлмөдө тажабас үмүт турат! Алты башка алакан арасынан Ай шооласы уурданып кирип турат… Карганын да зар болгон конушунан… Төрт кабаттын аз издүү чокусунан, Элеӊ-элеӊ жалт этет алты карек — Эшик черткен үн чыкса кокусунан. Чочуганы кабакты түйө карап, Кубанганы күнгө окшоп күлө карап… Күн бата элек экенин баамдаганда Күлмүӊдөшүп алты көз күйө калат. […]

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ: Кузгундан үйрөнгөн саясат

Эл алдында чачырап, төгүлүп сүйлөш керек. Бирок киши эл алдында чачырап, төгүлүп ырдай алат, сүйлөй албайт. Элдин сүрү бар. Бул сүр аябай олуттуу. Ырга гана баш ийет. Кыргыздар муну байыртан жакшы билишет. Мышык этин жеп, күрүчүн түртүп койгондой, жаман-жакшыларын алдыга түртүп чыгарып койушат. Мени өткөн жумада «Асабанын» майрамында алдыга түртүп чыгарып койушту. Чачырап төгүлүп сүйлөй албадым… Улуу күч сүйүү гана кишини төгүлтүп чачыратат. Күн ошентип чыгат. Илгерки китептерде Күндү кудайдын жашаган үйү дешет. Ошондо мени бир жөнөкөй нерсе таң калтырды. […]