Жалалидин Руми: Дыйкан менен арстан жөнүндө икая

Түн караңгы, бир дыйкандын байлануу, Короодо уюн арстан кирип жайлады. Тойгон арстан тойгонуна кубанып, Тойгон жерге жатып калды суналып. Шектүү дабыш тынчын алып ашыгып, Дыйкан кирди чырак албай шашылып. Жатабы уй деп сыйпаласа колуна, Колу тийди арстандын жонуна. Арстан ойлойт: «Эки буттуу эшегим, Уй деп мени жатканыңды сеземин! Эгер азыр короо жарык болгондо, Даамак беле колун жонго койгонго. Өт жарылып караанымды көргөндө, Даяр болчу ушул жерден өлгөнгө.» Сен акылдуум, бир нерсени бааларда, Маңызын көр, сырт келбетке алданба. Уурдалган кой тууралуу […]