Догдуркүл Кендирбаева: Ынтымак болбосо — ырыс жок

АҢГЕМЕ Асан, Зебо, Сабира, Антон, Ынтымак, жана Рахматулло өтө ынтымактуу достордон эле. Алар айылда коңшу жашашат. Мектепте бирге окушуп, бирге ойношчу, бири-бирине мейманга да келип турушчу. Жайкы каникул аяктап, кайра мектепке келүүчү күндөр да башталды. Достор сагынычын таратып, бири-бирине жаңылыктарын божурап жатышты. Эртеси Зебо мектептеги досторуна короодогу жүзүмдөн ала барайын деп бакчага кирсе, жүзүмдөрү соолуп, жалбырактары алсыз бүрүшүп турган экен. Зебо бакчаны кыдырып, алмалардын да соолуп турганын көрдү. Анан жүгүргөн бойдон досу Сабиранын үйүнө келсе анын да алма-өрүгү, гүлдөрү соолуй […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Жүрөгүм менин тоолордо

АҢГЕМЕ I Кээде моминтип өкүнөмүн: мага сүрөтчүлүк кудурет бүтсө эмне?! Андай касиет шыбагама тийсе, эң оболу тоолорду эч ким көрө да элек, таба да элек боёктор менен тартаар элем. Бар эмеспи… тоолорду көтөрүп, эл алдынан өтмөкмүн. Сиздерге тоолор деген мобу болот, жыргалы-кууралы мобул тоолорду сылап, таптап көргүлөчү деп карматпас белем?!! Карабайсызбы!? Мага андай кереметтүүлүк буюрбаптыр. Көрсө, тагдырың ушундай өкүнтөөрү менен кызык экен да. Ойлойм: мунум өзүмдү сооротконум го. Канчалык кейибейин десең да, аның дилимде, тээ бүлбүл жылдыздай, өкүнүч чөгүп калат […]

Качкынбай ОСМОНАЛИЕВ: Акмагы ким?..

АҢГЕМЕ Почтобай! Окуучу, почтабай атаса эле республикабыздын эң алыскы айлындагы арык кер бышты минип, чоң сумкасын ээрдин кашына илип же жем төкчү шалчасына түрмөк газеталарды, толгон каттарды ороп-ороп бөктөрүнүп, быштысын желдирип, уй сарай кыдырып жүрчү Сатыбалды аке экен деп ойлобогула. Анын үстүнө биз тарапта Сатыбалды акени «төраганын почтальону» деп да коюшат. Маселен, эсеби, кат-кабар, гезит-мезит, койчу, облустанбы, райондон болобу телефон чалуу төрага акеге мурда жетет. Ал акебиз өзү издеп, кыз-келиндерден иргеп ишке алган эткээл, багалчактуу, көзү коюлуп, ууртунан күлкү кетпеген, […]

Мамат САБЫРОВ: Моке

АҢГЕМЕ (Досум Таалайбекке) Менин чоң атам Дүйшөнаалы, Абдырахман абам болсо Дүйшөнаалынын бир тууган иниси. Биз Моке деп койчубуз. Ошо Мокем бир жолу Кочкорго барып, малга туз алып келейин десе чоң атам эки төөнү комдоп, атка мингизип жибериптир. Кудайдын күнү аябай ысык кезде Мокем Кочкорго барып, суусаганда базарга кайрылат. Чакан базар да. Бир келин жыйырма литрден чоңураак жашыл мискейге кымыз куюп, сатып отурган экен. «Балам, келе кымызыңан» – дейт. Эки чоң кесени ичкенден кийин кымыз жакшы экен да, аябай жагыптыр. «Чөнтөгүмдө […]