Сүйөркул ТУРГУНБАЕВ: Айбар акындарга аздек сөз

Жашынан китепкөй, чыгаан публицист, интеллектуалдык дасмиясы арбын, кенен жана тереӊ Чоюн Өмүралиевди «илимий революциячы» десек жарашат. Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Академиянын академиги, И.Арабаев атындагы университеттин ардактуу профессору, Чыгыш элдеринин атактуу инсандары Кожо Ахмед Яссави, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари жагдайында жазган эмгектери билимдүү коомчулукка таанымал. Байыркы тилинде жазылган «Огуз-намэ» эпосун Чоюн кыргызча которуп жарыялаган. Илимий негиздеги «Теӊирчилик» эмгегинде кезеги эскирген материалисттик жана евроцентристтик системаларды сынга алып, фундаменталдык түшүнүктөрдүн жаӊы маселелерин көтөргөн. Илимий агартуучулуктун «Кыргыз Жер» коому тарабынан жарыяланган «Теӊирчилик. Коом […]

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Кыргыз жазы

Жаз тууралуу ырларды сунуш кылар алдында окуучулук күндөрдөгү бир учур эске түштү. 7-класстын «Русская литература» китебинде «А.Саврасов. «Грачи прилетели» («Чар каргалар учуп келишти») деген сүрөт бар эле. Орус тил эжебиз ошол сүрөт тууралуу көп жакшы нерселерди айтып бере берчү. Ошондон уламбы, билбейм, менде орустарга жазды каргалар апкелет турбайбы деген түшүнүк пайда болгон. – Эмне үчүн ошондой чар каргалар бизде жок? – деп сурагам. Эжейимдин буга эмне деп жооп бергени бүгүн эсимде жок. Бирок биздин каргалар учса эле күн бүркөктө учарын, […]

Абдырасул ТОКТОМУШЕВ: Боогачы

«Мурас элге таандык. Эбегейсиз байлык. Укумдан-тукумга өтө турган узак өмүрлүү, зарыл керектүү, кылым сырын камтыган кымбат баалуу табылга… Биз башыбыздан өткөргөн күндөрүбүз кайгылуу да, кубанычтуу да… Айкындыктын күнү чайыттай ачылып, сөз эркин канатын жазды. Эми айтууга жол ачык. «Үкөй» обонун жараткан, «Секетпай», «Күйгөн» деген ынактык ырлардан топтолгон эки китептин автору ат-башылык элет акыны Жакыпбек уулу Боогачынын: … Алыска кетип баратам, Нарынга сөөгүм коюлбай… – деп боздоп кеткен күндөрдөн бери 59 жыл өттү. Ошондон бери бул кишинин ким экендиги – баскан […]