Кыргыз эл жомогу: Байдын эрке баласы

Илгери, илгери бир байдын жалгыз эрке баласы болгон экен. Ал бала: «О атамдын ушунча малы, дүнүйө-мүлкү, өзүмдүн сулуу аялым бар. Атам өлсө да мен эчтемеден кор болбойм» деп ойлочу экен. Баланын колуктусу акылдуу болот. Күндөрдүн биринде атасы өлүп, энеси, аялы үчөө калат. Атасынын жыйган мүлкү, малы түгөнөт. Эч кандай оокат кылар нерсеси жок калганда, баланын колуктусу: — Ой, атаңын жыйып берген мал-мүлкү, дүнүйөсү түгөндү. Сен иштеп оокат тапсаң боло,- дейт күйөөсүнө. Анда күйөөсү: — Жо-ок, мен иштебейм, сени кайтарып олтура […]

Кыргыз эл жомогу: Сулуу келин

Бир жигиттин түшүнө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу кыз кирет. Ошо сулууну табам деп ал жигит: Медийнанын беш бурчун, Беш айланып кыдырат. Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып кыдырат. Баягы ойдогу сулуусу табылбайт. Жалдырап жигит жолго салат. Келе жатса бир булактын башында тамагынан ай көрүнгөн бир сулуу келин олтурат. Жигит ойлоно калып: «Менин түшүмдөгү көргөн кыз келин болуп калды. Мейли тобокел, ушуга сөз салып, тийсе алайын», — деп камчысын бүктөп олтура калып: — Экөөбүз баш кошсок кандай […]

Кыргыз эл жомогу: Отунчу падыша

Бир заманда Султаналы деген отунчу болгон экен. Өзүнө ылайык кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп «эки бакыр, бир тукур» болуп оокат кылышат. Аялы көп кечикпей эле эркек төрөп бериптир. Баланын кубанычы менен баары эстен чыгып кетет. Мырза аттуу баласы бат эле чоңоюп, он жашка чыгат. Султаналы үй-бүлөсүн, өз кардын тойгузуу үчүн «өлбөс оокат, чыкпас жан» дегендей, кара жанын карч уруп, күнүгө талаадан отун терип калаага сатуучу экен. Күндөрдүн биринде кылаңгыр чайга тоюп, өлбөс оокатка жан талашат. Койнуна бир көмөчтү салып, жолду […]

Кыргыз эл жомогу: Жез кемпир

Илгери-илгери эки кыздуу жесир аял болгон экен. Күндөн күнгө оокаты начарлап, бир күнү аял бир кызын оң колуна, бир кызын сол колуна жетелеп, оокат издеп жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир алачыкка туш келишет. Киришсе, төрдө бир териге оронгон кемпир жатат. Аял ал-абалын түшүндүрүп: —  Багар көрөрүбүз, барар жерибиз жок, бир жүргөн жанбыз. Түнөп кетүүтө уруксат берер бекенсиз,- дейт. —  Менин эле үйүмдө жүрө бергиле,- дейт кемпир. Ошондон кийин алар кемпирдин үйүндө жашап калышат. Кемпир керээли кечке тери жамынып жата […]

Кыргыз эл жомогу: Карышкырдын камкордугу

Илгери, илгери бир кан болуптур. Анын, үч баласы бар экен. Балдарынын аттары бир бирине уйкаш болуптур. Улуу баласынын аты — Ормон, ортончу баласыныкы —  Коргон, кичүү баласыныкы — Болгон. Балдары күн сайын бак-дарактарды кайтарышса да, күн сайын бактан бирден алма жоголо берет. Бир күнү баягы бак-дарактарды кайтаралы деп Ормон, Коргон, Болгон үчөө тең келсе, бир куш алманы чокуп жеп отуруптур. Балдар тор жайышып кушту кармап алышат, куш көпкө чейин талпынып жатып учуп кетет да, бир канаты калып калат. Балдар үйлөрүнө […]

Кыргыз эл жомогу: Бала менен сыйкырчы

Жалгыз уулу бар абышка-кемпирдин колундагы бирин-серин малын жут алып, күн көрүш өтө кыйын болуп, акыры ары карап ыйлап, бери карап күлүп, айласыздан баласын малайга бериш үчүн шаарга барышты. Баланы алууга эч ким чыккан жок. Ошентип арадан бир топ күн өттү. Күндөрдүн биринде абышка аябай чарчап, жол боюндагы төрт бурчтуу кара таштын үстүнө отуруп: — Үф!- деп үшкүрдү эле, кайдан-жайдан экени белгисиз ак сакал чал пайда боло калып: — Мени эмне чакырдың?- деди. — Мен сени чакырган жокмун, чарчаганыман жөн гана […]

Кыргыз эл жомогу: Кан менен вазир

Күндөрдүн биринде кан өзүнүн вазирине ачуусу келип өлтүрмөкчү болот. Кандай кылып өлтүрөйүн деп ойлоп, үч каздын учуп баратканын көрүп: —  Ушунун тилин билип кел, эмне деп учуп баратат! Эгер тилин билип келбесең, башыңды алам,- дейт. —  Макул,- деп кандын вазири үч каздын артынан чаап баратса, мунарада чыгып турган кандын кызы көрүп, вазирди чакырып сурайт: —  Эмнеге чаап баратасың? Вазир: — Кан мобул учуп бараткан үч каздын тилин билип кел, билип келбесең башыңды алам деди. Ушул каздардын тилин билгени баратамын,- дейт. […]

Кыргыз эл жомогу: Асыл таш

Качандыр мындан нечен кылым мурун кыргыздын улуу тоосунун эки капчыгайын ээлеп жанаша жашаган эки байдын толгон малы бар экен. Байлар бирин бири жакшы көрбөй: «Ушунун малын мен ээлеп калсам» деп, экөө тең өз ичинен ойлоп жүрдү. Арадан көп жыл өтүп, эки байдын бирөө өлдү. Анын артынан зайбы да өлдү. Алардын жалгыз уулу он эки жашка чыкканда тоголок жетим калды. Жанаша турган экинчи бай ушундан пайдаланып, жетимдин малы менен мүлкүн бүт бойдон алмак болуп, жетимге: —  Сен, балам, жарык дүйнөдө жалгыз […]

Кыргыз эл жомогу: Эки бир тууган

Илгери өткөн заманда бир кандын катыны өлүп, андан эки бала калыптыр. Кан катыны өлгөндөн кийин аял алса, кичүү баласына кас болот. Бир күнү ал баланын агасы кырк жигити менен куш салганы кеткенде, кандын аялы: — Сенин кичүү уулуң мени уруп койду,- деп канга даттана баштайт. Кан аялынын сөзүнө ишенет да, баланы жылаңачтатып аябай сабатып, эки жигитине: — Ыраак барып башын алып салгыла!- деген буйрук берет. Эки жигит баланы айласыздан алып барып, киймин чечип алып, өзүн кое беришет. «Атаңа көрүнбө, эгер […]

Кыргыз эл жомогу: Булардын кайсынысы чоң? (Балдар үчүн баш катырма)

Алабаш деген чалдын жалгыз карала өгүзү болуптур. Өгүздү дайыма өзү бакчу экен. Күндөрдүн биринде Алабаш узак жолго камынып, улуу баласына: — Сен өгүзгө убактысы менен жем-чөп бергин,- дейт да кичүү баласына болсо: — а сен убактысы менен жетелеп барып сугарып тургун,- деп өзү жүрүп кетет. Алабаштын улуу баласы өгүздүн оозун тындырбай чөп берип турду. Арадан бир жума өттү. Сегизинчи күнү өгүз такыр чөп жебей калды. — Буга эмне болду? Ылаңдап калдыбы? Сен бирдеме билчү белең?- деп сурады агасы инисинен. — […]

Кыргыз эл жомогу: Асан жана булбул

Илгери, илгери бир кандын улуу катынынан эки бала, кичүү катынынан Асан деген баласы болуптур. Бир күнү кан түш көрүп, түшүндө булбулдун сайраганын угуп, ошол булбулга ашык болуп калат. Кан күндөн күнгө саргайып, акыры чоң ооруга чалдыгат. Атасы эмнеден ооруп жатканын балдары билишпейт. Бир күнү кан үч баласын чакыртып: — Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам сайратып, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктан ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер? — дейт. Улуу катындын […]

Кыргыз жомогу: Миңбай менен Жүзбай

Бар экең, жок экен, Миңбай менен Жүзбай деген болгон экен. Миңбайдын миң кою, бир баласы, Жүзбайдын жүз кою, бир баласы болот. Миңбайдын баласы бир күнү коюн талаага кайтарып чыгып уктап калса, карышкыр келип койду эртеден түшкө чейин кырат. Бала ойгонбостон уктап жата берет. Жүзбайдын баласы кой кайтарып жүрүп, Миңбайдын коюн карышкыр кырып жатканын көрүп, баласын ойготту: — Кокуй, куураткыр, коюңду карышкыр кырып кетпедиби! Миңбайдын баласы тура калып жаакка бир салат. — Сен жүз коюң менен мага теңелгиң келеби? Менин миң […]

Рум падыша менен Турум падыша

Кыргыз жомогу Илгери, илгери бир Турум деген падышанын баласы куш салып кечинде үйүнө кайра келатса, ак тайлак минген бир кыз алдынан чыгат. Бала сайт: — Кайдан келатасың, атың ким? Кыз жооп кайтарат: — Мен Рум падышанын Каракөз айым деген кызы боломун, мени издеп таап ал,- деп ак тайлакка камчы салып жөнөйт. — Кара кашка аргымагым куусам жетет, кармап эле алайын -дейт да бала кызды кууйт. Бирок ал жерден чаң бурк этип, бул жерден чаң бурк этип, бала жетпей калат. Турум […]

Арстан күчүгүн асыраган мышык

Кыргыз жомогу Бир мышык каңгып жүрүп өлүп жаткан арстанга жолугат да, анын жетим калган күчүгүн бооруна кысып, эмизип асырап алат. Арстандын күчүгү өсүп албарс азуулуу чоң арстан болот. Өз тамагын өзү таап жей баштайт. Бир күнү карды ачкан арстан өзүн асыраган мышыкты жемек болот. Мышык анын бул оюн сезип, андан-мындан бир тийип талдын башына чыгып кетет. Ошондо Арстан Мышыкка: — Ой, ак сүтүн эмизип асырап баккан энем, тууган энемден да ысыксың. Бар акылыңды үйрөтүп бакканда эмне үчүн тал башына атып […]