Мухаммед Ху ЧЖЭНЬХУА: Кыргыз элинен көп нерсени үйрөндүм

Урматту «РухЭш» сайтынын түйшүкчүл жамааты, саламатсыздарбы? Менден КЫРГЫЗ элине ысык салам! Мен Дабыт Абдылбары уулумун. Өзүм Кытайда жашаган этникалык кыргыздардан болом. Учурда Бээжин шаарында докторантурада окуйм. Сайтыңыздарда жарыяланган материалдар абдан жагат. Бизде да маанилүү деп эсептелген материалдардан бар эле, кызыкдар болсоңуздар жөнөтүп көрсөк, «РухЭш» сайты аркылуу өз окурмандарын тапса деген үмүттөбүз. Мухаммед Ху Чжэньхуа – өз атамдай камкордук кылган инсан, илимдеги изденүүмө багыт берген улуу устатым, улуттар аралык мамиленин алтын көпүрөсүн курган агайыма таазим этүү менен эскерүүлөрүн эли-журтума сунуштоону туура […]