Сахнанын Чолпону эле Чолпонбек

Таң үрөң-бараңда машине дыр дей түшүп, токтой калганда “Волганын” жанында шыңга бойлуу, көзү бакыракай сымбаттуу жигит турду. Дароо эле тааныдым. Таң атпай дагы алыс жолго кетип баратса керек. Өгүнү Түркияга, мурдараак Японияга, Кытайга барып келбеди беле. Бул жигиттин иши ошондой. Анын үстүнө азыркы шартта өнүккөн мамлекеттин иш-тажрыйбасы менен таанышып, аны өзүбүздүн турмушка колдонсок жаманбы? Барсын, көрсүн. Азыр балким Америкага же Германияга жөнөп жаткандыр. Баса, ал жактарга дагы барып келбеди беле. Индия, Францияга да барган. Ал жигит жөн эле туристерче эки […]